00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ажыбекованын тушоосун кескен Океев менен Чокморов. Залкарлардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти, атактуу режиссёр Төлөмүш Океев, КРдин эл артисти Гүлсара Ажыбекова жана Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, таланттуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү 1975-жылы Чүй облусунда тартылган.

Ал жылы Океев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл алма" аңгемесинин негизинде тасма тарта баштап, анын сценарийин Айтматов менен Эльга Лындина жазган.

Ошол кезеңди аталган кинокартинада башкы ролду аткарган Гүлсара Ажыбекова мындайча эскерет.

"Анда Москвадагы окууну бүтүп келип театрда эки жылдан ашык иштеп жүргөн кезим болчу. Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" тасмасы тартыла тургандыгы айтылып калды. Мени кинопробага чакырышкан, ал жакка Таттыбүбү Турсунбаева, Наталья Аринбасарова да барган экен. Аткарчусун аткарып бердим, бирок атактуу актрисалар тартылганы жатса, мени ролго алат деп ойлогон эмесмин. Кийин мага "өттүңүз" деп сүйүнчүлөшкөн. Ошентип мен кинодо алгачкы башкы ролумду жаратып, кийин бир топ режиссёрлордун эмгектерине катыштым. Чындыгында ал кинофильмди тартуу үчүн Океев күчтүү инсандарды чогулткан. Оператор Константин Орозалиевди эле алалы, анын сезимталдык жана кесипкөйлүк менен Таттыбүбүнү тарткан кадрлары азыркыга чейин колдонулуп келүүдө. Андан сырткары, төрөттө болгон окуяны да чеберчилик менен камерага түшүргөн. Киночулар толготуп жаткан, көз жарган келиндерге билгизбей аппаратураны жашырып коюп тарткан. Ал жерде менин ыйлап отурганым, жаңы төрөлгөн кызымдын атасынын ысымын айткым келбей жатканым бар. Ошол эпизод чыныгы жашоодогудай көрүнөт, ал жактагылардын эмоциясы толук ачылган. Кинофильмди жай жана күз мезгилинде эле тартып бүтүргөнбүз. Алиман апа, Сүймөнкул агай, Төлөмүш Океев бардыгы адамгерчилиги бийик инсандар эле. Сонун учурлар өтүптүр", — деди Ажыбекова.

"Кызыл алманы" жаратууга украиналык композитор Шандор Коллаш, жаш оператор Константин Орозалиев, сүрөтчү Жамбул Жумабаев катышкан. Ошондой эле Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Чоро Думанаев, Арсен Умуралиев, Анара Макекадырова да роль аткарган. Тасма ошол эле жылы Швециянын Локарно шаарындагы эл аралык кинофестивалда Ардак грамотага татып, Москвада өткөн IX эл аралык кинофестивалды ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0