"Атам да, чоң атам да өтө жоош, момун адамдар экен" — деп, эскерет манасчы өзү. Саякбай төрөлгөндөн көп узабай анын үй-бүлөсү оор турмуштун айынан илик кууп Жети-Өгүзгө көчүп барып, болочок манасчынын балалык күндөрү ошол жакта "Көл" деген жерде өтөт. Карала минип жүрүп өлтүрүп алган асый чыкма аттын төлөмөрү үчүн Саякбай 13 жашынан тартып Төлөбай аттуу агасы экөө Жыкы деген дунганга малай жүрөт. Эки адам үч жыл кызматын кылса да сүттү сүткө, майды майга кошуп туудурган байдын төлөмөрүнөн кутула албай коюшат. Акыры Семиз-Белге качкан эсепте кайра көчүп келишет. Карала үй-бүлөсү менен Орто-Токойдогу бекетте сарайчы болуп оокат кылып турушат.
Октябрь революциясынын жеңишин, эркиндик доордун кабарын уккан Саякбай Шпилкевичтин (бул адамдын аты-жөнү ким болгонун такталган эмес, фамилиясы деле манасчынын айтуусунда кандай болсо ошол үлгүгө жакын жазылган) улутун орус деп атаган, бул адам неси болсо да прогрессивдүү көз караштагы кишилерден болгон өңдөнөт. Анткени, Каралаев ошол качкан кыргыздар кайра келген кыйын шарттарда "мени ал судья ата болуп асырап, эне болуп сактады", — деп эскерет. Манасчыга жаңы доор жөнүндөгү кабарды да ошол адам айтып, ал гана турмак жаш Саякбайга эрктүү отрядга мүчө болуп өтүүгө да ошол кеңеш бериптир. Ошондой эле, кеңеши боюнча өз ыктыяры менен 1918-жылы Кызыл гвардияга — эрктүү отрядга өтүп, төрт жыл чамасында жаңы доордун душмандарына каршы колуна курал алып активдүү күрөшүүчүлөрдүн катарында болот.
Саякбай Каралаев армиядан 1922-жылы кайтат. Адегенде өз чарбасында иштеп, көп узабай айылдык кеңешке төрага болуп шайланат. "Сельсовет болуп адегенде төрт жыл дуңгандарда, андан кийин Маманда иштедим. Айлык алчу эмеспиз. Кээде сельсоветтикти коё коюп, эл аралап күпүлдөтүп "Манас" айтып жүрдүм" — деп эскерет өмүрүнүн бул учуру жөнүндө манасчы өзү. "Ошентип, 1930-жыл болду. Сельсовет болуп жүрөм. Аңгыча болбой Кусейин Карасаев барды. Наркомпрос дечү эмес беле. Ошонун тапшыруусу менен барыптыр. Сиз манасчы экенсиз, сизди чакырып жатат деди. Сельсоветти да, баарын таштап келдим" — деп улантат өз өмүрү жөнүндөгү эскерүүлөрүн С. Каралаев.
Саякбай жалаң гана манасчы эмес, жалпы эле кыргыздардын оозеки көркөм чыгармачылыгын мыкты билген, көптөгөн үлгүлөрүн өзү да аткарган адам болчу. Анын айтуусу боюнча кагаз бетине түшүрүлгөн "Төштүк" эпосунун бир варианты терең мазмуну, жогорку деңгээлдеги көркөмдүк касиети менен айырмаланып, бир нече жолу кайталанып китеп түрүндө басмадан чыгып, элибизге кеңири тарап, көпчүлүк сүйгөн чыгармалардан болуп калуу фактысы мунун ачык далили. "Төштүктүн" ошол С. Каралаев айткан варианты жалпы түрк элинин арасындагы эң мыкты эпостордун бири катары ЮНЕСКОнун чечими менен француз тилине которулуп Парижде да басылып чыкты.
Манасчынын өзүнө таандык төл чыгармалары да бар, ал бир нече китептердин автору. Бирок, анын көп кырдуу сапаттарынын ичинен манасчылык касиети өзгөчө жогору туруп ал элибизге эң алды менен чоң манасчы катары белгилүү болчу.
Манасчылык кесиптеги элге кеңири белгилүү болгон, бирок ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин илимде аягына чейин так жооп алына элек сырлардын бири — өнөр ээсинин кесипти үйрөнүүдөгү биринчи кадамын түш көрүүдөн баштоосу. Адатта чоң манасчыдан тартып чала манасчыга чейин эпостун ар бир айтуучусу өз өнөрүн түш көрүү менен байланыштырат, бирөөдөн үйрөнгөн үчүн эмес, түш көргөн үчүн гана "Манасты" айтып калдык дешет. Бул сөздү башкалар сыяктуу эле Саякбай да айткан. Саякбайдын түшүнө Манас эки жолу кирген экен. Анын өз айтуусу боюнча биринчи көргөн түшүнүн кыскача мазмуну мындай: Караланын үй-бүлөсү Орто-Токойдогу бекетте турган учурда Кылжыр аттуу адам экөө азыркы Орто-Токой суу сактагычы турган жерде жашаган азык элине жарамазан айтып барышат да, тапкан олжолорун бөлүп алышып, Саякбай түн катып үйүнө кайтат. Жолдо келатып бир кичинекей туура суунун кечмелигинен өтө берерде үйдөй чоң таш бар экен, ошонун жанына жеткенде өзгөчө заар ачуу үн угуп, эси ооп калат. Эңги-деңги эсине келип караса баягы кечмеликтеги чоң таш таш эмес эле чоң боз үй болуп калыптыр. Бир аял: мен Каныкей болом,
"Кылымдын баары козголуп,
Кырк эки түмөн кол болуп,
Аз гана эмес мол болуп"…
"Астыга салса ак жолтой,
Айдап жүрсө сан колдой,
Абаң Бакай мен болом"
— дейт да, көп кол менен жол жүрүп баратышканын айтат. Алты жылдан кийин жомокчу болуп чыгасың, тос балам колуңду, гүлазыктан берейин дейт. Кызыл көөкөрдөн колуна куюлтуп салып берген актаган тарууну атчандын сунушу боюнча жеп жиберүү үчүн оозуна салса кычыраган эле кум экен. "Жут дегенде жут" — деген атчандын талабынан коркуп какап-чакап жатып араң жутат. Бакай Саякбайга жанындагы адамдарды тааныштырат. Манасты көргөзөт.
"Майлаган буудай жүздөнгөн.
Күүгүм туман көздөнгөн" — арстандай киши экен. Анын арт жагындагысын:
"Сары талдан сайдырган
Талы калган Бээжинде,
Сары алтындан жасаган
Тагы калган Бээжинде.
Каканга калган жыйганы,
Каалаганы ыйманы".
Мына көрүп алгын:
"Узун бойлуу кен далы,
Ары балбан, ары шер,
Айсарала ат минген,
Азиз кандын жалгызы", — ушул деп Алмамбетти көргөзөт. Алмамбет сулуу киши экен.
"Туурасы жоон, бою пас,
Тулку бою кара таш,
Билеги жоон, таш жүрөк,
Пил мүчөлүү бадирек,
Алышса адамдын күчү жетпеген,
Арстандын тиши өтпөгөн
Бул Акбалтанын Чубагы,
Ааламды буй кылган Арстандын бири бу дагы", — деп Чубакты көргөзөт. Чубак сары сур, жоон киши экен. Анан Сыргакты, кырк чоронун баарысын көргөзүп чыгат да "Эми кош бол, бар балам, 6 жылдан кийин жомокчу болосуң" —дейт да, батасын берип жөнөп кетишет.
Өңүндө көргөнү менен түштүн ортосундагы бул галлюцинациялык белги жаш Саякбайга өзгөчө зор таасир берсе керек. Ошондон кийин ал көпкө чейин токтоно албай, өзүнөн өзү толкунданып, делбеленип жүрөт. "Ойго да урунуп, тоого да урунуп, зоодон куладым, суудан актым, өлбөдүм. Ал болбосо өлүп калат элем, жеңем кайтарып жанымды алып калып жүрдү. Ошентип жүрүп эл үрктү, акыр-такырга жолуктук" — делип белгиленет манасчынын өз эскерүүсүндө анын өмүр жолунун бул учуру. Кийин армияда жүргөндө Алмамбет түшүнө киргенин, ошондон кийин солдаттардын арасында "Манас" айта баштаганын эскерет манасчы.
Колдо болгон маалыматтарга караганда С. Каралаев Чоюке, дагы көптөгөн өз учурунун белгилүү манасчыларын уккан, алардан таалим алган.
Ушул түрдө эл арасында мурдатан кеңири белгилүү болгон манасчылардын көптөгөн муундарынын табылгаларын терең өздөштүрүү менен зор таланттын чыгармачылык шыгынын кошундусунан жаралган Саякбай Каралаевдин варианты "Манастын" бүгүн колдо болгон варианттарынын ичиндеги эң артык үлгүлөрүнүн бири. Бул вариант эпостун традициялык туруктуу окуяларын толук камтыгандыгы, мазмунунун байлыгы, терең элдик идеясы, жогорку көркөмдүк деңгээли менен айырмаланып турат. Анын вариантында айрыкча согуштук эпизоддор өзгөчө кеңири, таасирлүү айтылат. Жер-суу көрүнүштөрүнүн берилиши, баатырлардын кагылыш-кармаштарынын сүрөттөрү белгилүү манасчылардын варианттарындагы эң мыкты делген жерлеринен ашып түшпөсө, кем калышпайт.
1936-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча "Манас" эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин "Семетей", "Сейтек" жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. "Манас" эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элинин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин "Илиада" жана "Одиссеясынан" 20 эсе, "Шахнамеден" беш эсе, "Махабхаратадан" эки эсе чоң.
Ошентип, "Манас" дүйнөдө өзү сыяктуу чыгармалардын ичиндеги көлөм жагынан теңдеши жок эпос болсо, Саякбай Каралаев биз билген манасчылардын арасындагы эң чоң варианттын жаратуучусу.
Сыйлыктары. 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти.
Үч жолу "Эмгек Кызыл Туу" ордендери, "Ардак белгиси" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин ардак грамоталары менен сыйланган.
Улуу манасчы Саякбай Каралаев 1971-жылдын 7-майында 77 жаш курагында Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайтты.