БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Рахат" жана "Алтын Көл" пансионаттарынын ортосунда жайгашкан 0,60 гектар жер тилкесине мыйзамсыз жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилгендигин Ысык-Көл райондук прокуратурасы аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук бөлүмү Б.М. аттуу жаранга 2019-жылдын июль айында жер тилкени берип койгон.
"Текшерүүдө такталгандай, аталган жер тилкесинин базар баасы 10 миллион 932 миң сомду түзөт. Жерди кайрадан мамлекетке кайтаруу чараларын жүргүзүү үчүн райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына талап келтирилген. Анын негизинде Кара-Ой айыл өкмөтү сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылган", — дешти Башкы прокуратурадан.
Ысык-Көл райондук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жогорудагы 0,60 гектар жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке алынды.