Баш тынбай ооруйт. Онколог мээдеги рактын алгачкы белгилерин атады

© Фото / Pixabay / Sammy-WilliamsКиши башын кармап турат. Архив
Киши башын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, оору алгач эч кандай белги бербей башталып, аны аныктоо өтө кыйын болот. Бара-бара адамды чарчатып, баш, жүрөк айлана баштайт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россиялык онколог-хирург, медицина илимдеринин кандидаты Михаил Мяснянкин телеканалдардын бирине маек берип жатып, мээде рагынын алгачкы белгилерин санап өттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, оору алгач эч кандай белги бербегендиктен, аны аныктоо өтө кыйын. Кийин бара-бара адамды чарчатып, баш, жүрөк айлана баштайт. Кээ бир учурда эстен тандырып, тарамышты тырыштырат. Көрүү менен угуу да начарлайт.

"Мээде шишик пайда болгондогу эң кеңири жайылган белги — бул баш оору. Мээ рагына кабылган адамдын башы тынбай ооруп калат", — деди Мяснянкин.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рактын жалган белгиси менен чыныгы симптомун айырмалоо ыкмасы айтылды
Онколог белгилегендей, оору денени туура алып жүрүүнү көзөмөлдөгөн органга таасирин тийгизет. Жыйынтыгында адам сүйлөгөндө айрым тамга же сөз айкаштарын туура эмес айтып калат.

"Эгер бейтапта ушул сыяктуу белгилердин бири байкалган болсо, эртерээк тиешелүү адистерге көрүнүшү керек", — деди ал.

Адис мээде шишиктин пайда болушун генетикалык себеп менен байланыштырды. Башкача айтканда, бул оору тукум кууйт. Мындан сырткары, башка шишиктер метастаза бергенде мээ көп травма алып, чайкалганда да шишик пайда боло турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0