Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
4-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. 4-ноябрь, шаршемби күнү, өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +15…+20, Ысык-Көлдө жана Нарын аймактарында +6...+11 градус болору айтылды.

8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбордо +13…+15 градус, Ош шаарында +18…+20 градуска чейин жетет.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0