Кабинетте каткырып, акча жыйнап... Аткаминердин пара алып жаткан видеосу

Жазылуу
УКМКнын маалымат кызматы ИИМдин Медицина башкармалыгынын жетекчилигинин иш бөлмөсүнөн жашыруун камерага тартылган видеону жарыялады.

Атайын кызмат жетекчи милицияга жумушка келген жарандардан оң бүтүм чыгарып берүү үчүн акча талап кылганы аныкталганын кабарлаган.

Ага ылайык, 2-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Медициналык башкармалыктын жетекчиси, ИИМдин аскер-дарыгерлик комиссиясынын төрагасы Ж.Ж.К. кармалган.

"Милицияда, анын ичинде кайрадан түзүлгөн Патрулдук милиция кызматында иштөө үчүн талаптарга жооп бербеген (бою кыска, ашыкча салмагы бар, көзүнүн көрүүсү ойдогудай эмес) адамдардан пара алуу фактысы катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

ЖКККББдин жетекчи орун басарынын пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") менен каттоого алынып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0