БИШКЕК,14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 330 кишиден коронавирус табылып, 172 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек – 68;
- Ош – 36;
- Чүй облусу – 12;
- Ош облусу – 74;
- Талас облусу – 9;
- Ысык-Көл облусу – 18;
- Жалал-Абад облусу – 70;
- Баткен облусу – 43.
Айыккандар:
- Бишкек – 14;
- Ош шаары – 10;
- Чүй облусу – 17;
- Ош облусу – 39;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 7;
- Жалал-Абад облусу – 47;
- Баткен облусу – 35.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 50 201ге жетти. Анын ичинен 44 884 бейтап дартты жеңсе, 1 094 киши оорудан жакшы болбой көз жумду.
Азыркы тапта 1 960 бейтап стационарларда, ал эми 1 801 киши амбулатордук шартта дарыланып жатат.
Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди
Бир сутка ичинде жети медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар:
- Баткен облусунда – 1;
- Талас облусунда – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 1.
Ошол эле учурда тогуз медицина кызматкери коронавирустан айыккан.