https://sputnik.kg/20201007/kochkor-miliciya-bakka-bajlangany-tuuraluu-1049926204.html
Кочкорлуктар айыл өкмөт менен милиционерди бакка байлап салганбы? Расмий жооп
Кочкорлуктар айыл өкмөт менен милиционерди бакка байлап салганбы? Расмий жооп
Sputnik Кыргызстан
Маалымат кечээ ЖМКлардын биринде тарап, жашоочулар мындай кадамга айыл өкмөт башчы менен милиционер сүйлөшүүгө келген элге ок чыгарганы үчүн барганы айтылган. 07.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-07T11:59+0600
2020-10-07T11:59+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102954/36/1029543612_0:0:5036:2833_1920x0_80_0_0_5e596120cd31aeae2d7c4947700e27de.jpg
нарын облусу
кочкор
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102954/36/1029543612_0:0:4476:3357_1920x0_80_0_0_382c2dad30013aac735e02fbb163a9c4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, коом, нарын облусу, кочкор
парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, коом, нарын облусу, кочкор
Кочкорлуктар айыл өкмөт менен милиционерди бакка байлап салганбы? Расмий жооп
11:59 07.10.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Маалымат кечээ ЖМКлардын биринде тарап, жашоочулар мындай кадамга айыл өкмөт башчы менен милиционер сүйлөшүүгө келген элге ок чыгарганы үчүн барганы айтылган.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында эл айыл өкмөт башчы менен аймактык милиция кызматкерин бакка байлап койгон деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Нарын ОИИББ билдирди.
Эске сала кетсек, жогорудагы маалымат кечээ, 6-октябрда, медиа каражаттарынын биринде тарап, жашоочулар мындай кадамга айыл өкмөт башчы менен милиционер сүйлөшүүгө келген элге ок чыгарганы үчүн барганы айтылган.
Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы
Облустук милициянын билдиришинче, 6-октябрь күнү саат 16:00дөр чамасында Кум-Дөбө айылынын тургундары урушуп, ок атылып жатат деген билдирүү түшкөн.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Д.Т. аттуу 52 жаштагы айыл тургуну өзүнүн бир тууган эки иниси менен атасынан калган сарайды талашып, чыр чыгып кеткен. Д.Т. өзүнө тиешелүү болгон ОП-СКС үлгүсүндөгү 7,62 калибриндеги сайлуу ок атуучу курал менен асманга эки жолу ок чыгарган. Бакка байланып тургандар уруш чыгарган ага-ини. Аларды айыл тургундары же экөөнүн тарапташтарынын бири байлап салганы белгисиз, окуянын чоо-жайы такталып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ок атуучу курал алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.