Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошев: Кыргызстанда азырынча 583 археологиялык аймак бар экени белгилүү

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев өлкөдөгү петроглифтер тууралуу айтып берди.
Жолдошев: Кыргызстанда азырынча 583 археологиялык аймак бар экени белгилүү

Кыргызстанда азырынча илимге белгилүү 583 археологиялык жайлар бар. Алардын 85и окумуштуулар тарабынан иликтенип, каттоого алынган. Бул тууралуу Чынарбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо 400гө жакын баалуу петроглифтер жайгашкан.

"Кыргызстандын ичинде тарыхый баалуу аймактар абдан көп. Илимге белгилүү болгону азырынча 583 деп катталган. Ал эми археологдордун буту баса элек канча жер белгисиз жатат. Петроглифтерди республиканын бардык облустарынан эле кезиктирүүгө болот. Мисалы, Өзбекстан менен чектеш Сүрөттүү-Таш айылында б.з.ч. II кылымга таандык күлүк жылкылары менен атагы чыккан Даван мамлекетинин аттары таштарга чегип түшүрүлгөн. Бул ошол кезинде кытай империясы суктанган Даван өлкөсү тууралуу кенен маалыматты камтып турган ачык асман алдындагы документтер десек болот. Ушул эле доорго таандык саймалы таштар Араванда, Ноокат районунда да бар. Алайдын Үч-Дөбө айылынан чыгып келаткан талаада петроглифтер али толук иликтене элек. Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунда Тору-Айгыр айылынан тарта Чолпон-Ата шаарына чейин бүтүндөй эле петроглифтердин мекени десек болот. Таласта Манас ордонун ичинде жана Жалтырак-Таш деген жерде түрк дооруна таандык уникалдуу петроглифтер жатат. Дүйнөнү таң калтырып, жылына бир ай гана көрүүгө мүмкүн болгон, деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте жайгашкан Тогуз-Тородогу саймалы таштар коло дооруна таандык", — деди Жолдошев.

Адис петроглифтерди коргоп, сактоо ар бир кыргызстандыктын милдети экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0