АКШда жүрүп Чокморовдун ден соолугун ойлогон Океев. "Уландагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

СССРдин эл артисттери белгилүү актер Сүймөнкул Чокморов менен атактуу режиссер Төлөмүш Океевдин сүрөтү 1977-жылы Ысык-Көл облусунда тартылган. Анда эки залкар ресторандын ичинде даярданууда.

Ал жылы Океев "Улан" тасмасын тартып, Чокморов башкы каармандын ролун аткарган.

Бири-бирине тирек болгон кыргыздын сыймыктары. Таберик сүрөт

Ошол учурду аталган тасманы жаратуу ишине катышкан фотограф Александр Федоров мындайча эскерди:

"Уландын" басымдуу бөлүгү Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жаралган. Сүрөттөгү Сүймөнкул Чокморов менен Төлөмүш Океев аябай жакшы мамиледе болчу. Эки инсан менен тең көптөгөн тасмада чогуу иштештик. Алардын достугунун бекемдигин далилдеген бир окуяны айтпай койгонго болбойт. Төлөмүш биринчи жолу Америкага барган учурда Сүймөнкулдун бөйрөгү ооруп жүргөн. Ал кезде СССРде дары-дармек, гемодиализ табуу да кыйын болчу. Ошондо АКШда жүргөн режиссер досуна зарыл болгон дарыларды издеп жүрүп таап, алып келген. Мындайча айтканда, чет жакта өзүнө кийим-кече, бала-бакырасына белек алып келүүнүн ордуна досуна жардам берүүнүн жолун издеген. Жумуштан сырткары үй-бүлөсү менен катышып, бири-бирине мейманга барып турушкан. Ал эми тасма тартууда сөзсүз талашып-тартышып, түшүнбөстүктөр болчу. Ансыз көрүүчүлөрдүн купулуна толгон эмгекти жаратуу мүмкүн эмес", — деди Федоров.

Тай кезинен дүйнөнү дүңгүрөткөн Базарбаев менен Токомбаева. Таберик сүрөт

"Улан" тасмасында ичкиликке берилип үй-бүлөсү, жумушунан айрылып, соңунда түрмөгө камалган адамдын тагдыры баяндалган. Ага Наталья Аринбасарова, Советбек Жумадылов, Асанкул Куттубаев, Геннадий Базаров, Жамал Сейдакматова, Асанбек Умуралиевдер катышкан. Жыйынтыгында ал эмгек кино сүйүүчүлөрдүн купулуна толуп, 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрдук иши жана Сүймөнкул Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болушкан. Андан сырткары, Ташкенттеги Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн V эл аралык кинофестивалында ошол эле номинацияларды жеңип алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0