Өлкөдө кийинки аптада "Комуз жумалыгы" белгиленет

Жазылуу
Иш-чаранын алкагында залкар комузчулар эскерилип, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция болот.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 7-сентябрдан 13-сентябрга чейин өлкөдө "Комуз жумалыгын" жарыялады. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Белгилей кетсек, 9-сентябрь — Кыргызстанда "Комуз күнү". Маалым болгондой, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жумалык онлайн форматта өтөт.

"Иш-чаранын алкагында залкар комузчулар эскерилип, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция болот. Мындан сырткары, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен "Таңшы комуз" аттуу онлайн-концерт жана видеосабактар өткөрүлөт. Анын баары КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналы жана министрликтин соцтармактагы баракчаларынан түз алып көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Кремлде жаңырган комуз менен балалайка элдин жүрөгүн балкытты. Видео

Министрлик аталган жумалыкка бардык адамдарды активдүү катышууга чакырды.

Эске салсак, "Комуз күнү" майрамы өлкөдө 2019-жылдан бери белгиленип келет. Аталган жарлыкка президент кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0