Чокуну багынткан топтун курамына Канатбек Арпачиев менен кошо альпинисттер Михаил Даничкин жана Гиден Мухаммет кирген.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиев Ат-Башы тоо кыркасында жайгашкан Жел-Тегирмен чокусун багындырды. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиев Ат-Башы тоо кыркасында жайгашкан Жел-Тегирмен чокусун багындырды
Жел-Тегирмен чокусу Ат-Башы тоо кыркасынын Орто-Кайыңды жана Боскурбу капчыгайларынын ортосунда, деңиз деңгээлинен 4 600 метр бийиктикте жайгашкан эң бийик чоку болуп саналат

Жел-Тегирмен чокусу Ат-Башы тоо кыркасынын Орто-Кайыңды жана Боскурбу капчыгайларынын ортосунда, деңиз деңгээлинен 4 600 метр бийиктикте жайгашкан эң бийик чоку болуп саналат.
"Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер тобу 30-августта Ат-Башы тоо кыркасынын деңиз деңгээлинен 4 600 метр бийиктикте жайгашкан эң бийик Жел-Тегирмен чокусуна чыгышты. Бул окуя Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына арналды", — деп айтылат билдирүүдө.
Чокуга чыгуу иш-чарасына Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин башчысы Азамат Мурзалиев көмөк көрсөткөн.
Чокуну багынткан топтун курамына Арпачиев менен кошо альпинисттер Михаил Даничкин жана Гиден Мухаммет кирген.