БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк майрамына карата окуучулар арасында "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу республикалык онлайн-акция өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, иш-чаранын максаты — балдарды мекенин сүйүүгө жана аны менен сыймыктанууга үйрөтүү. Аларды патриоттуулукка тарбиялап, Кыргызстандын тарыхы, илим, маданият, салт-санаасы боюнча билимин тереңдетүү болуп саналат.
"Акция 27-августтан 1-сентябрга чейин өлкөдөгү мектептердин жана мектептен тышкары кошумча билим берүү уюмдарындагы окуучулардын арасында өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Токтомаметов: мектептин баарын онлайнга өткөрбөй эркиндик бериш керек эле
Акциянын алкагында уюштурула турчу сынактар:
- "Жүрөгүмдө Кыргызстан" республикалык интеллектуалдык сынак-викторинасы;
- "Эмне? Кайда? Качан?" оюну. Бул оюн аралыктан уюштурулат;
- Компьютердик плакаттардын "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" республикалык сынагы;
- Видеороликтердин "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" республикалык онлайн-сынагы;
- "Кыргызстандын келечеги балдарда!" бий марафону.
Аталган сынактардын баарынын жобосу министрликтин сайтында жайгаштырылган. Акциянын жыйынтыгы 1-2-сентябрда чыгарыла турганы кошумчаланды.
Маалымат үчүн байланыш телефондору: (312) 38 32 60, (312) 3I-58-47, 3I-58-74.