Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтомаметов: мектептин баарын онлайнга өткөрбөй эркиндик бериш керек эле

© Sputnik / Исмаил МамытовКыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов. Архив
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов жай мезгилинде видео сабактарды даярдоого 267 мугалим тартылгандыгын айтты.
Токтомаметов: мектептин баарын онлайнга өткөрбөй эркиндик бериш керек эле

Жалпы республика боюнча онлайн окутууга өткөрбөй, абал туруктуу аймактарга эркиндик берилсе болмок. Бул тууралуу Алмаз Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, IV чейректе көпчүлүгү кайталоо темалары болгондуктан балдарга онлайн окуу жеңил болгон. Ал эми I чейректи аралыктан окуу өзгөчө 2-класстын, 5-класстын окуучуларына оор болуп калышы ыктымал.

"2020-2021-окуу жылында абал туруктуу аймактарда мектептен эле окута берсек болмок. Айрым жерлерде мектеп имараты абдан чоң, окуучулардын саны аз болот. Мындай айылдарда бардык окуучулар кадимки тартипте окуй бериши керек эле. Онлайн окутууда өзгөчө былтыр эле мектеп эмне экенин билген 2-класстын бөбөктөрүнө кыйын болчудай. Алар каникулда көп нерсени унутуп калышты. Ошондой эле бир мугалимге көнүп, эми сентябрдан тарта предметтери да көбөйө турган 5-класстын жана бүтүрүүчү класстын окуучулары да барып окусун деген сунуш айтылган. Тилекке каршы, ишке ашкан жок. Эмнеге 5-11-класстар деп сурашат. Анткени бул балдарга да психологиялык, техникалык жактан оор болушу мүмкүн. Консультативдик-эксперттик топ бул сунушту дагы да берип көрөбүз, бирок эми баары онлайн окуйт деп айтылып калган соң биздин пикир кабыл алынбаса керек", — деди Токтомаметов.

Педагог телевидение аркылуу көрсөтүлүүчү видео сабактар былтыркыга караганда сапаттуу даярдалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0