БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Нур-Султан — Караганда жолунда каршы тилкеге чыга калган айдоочу социалдык тармактын колдонуучуларын чочутту. Sputnik Казакстан агенттиги кабарлагандай, эми ал айдоочулук укуктан алты айга ажыратылат.
Окуянын видеосу Instagram баракчасына жарыяланган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Видеону Караганда облусунун полиция департаментинин маалымат кызматы карап чыккан. Кайгуул полициясынын кызматкерлери автоунааны 31 жаштагы жигит айдап баратканын аныктаган.
"Жол эрежесин бузган айдоочуга Административдик мыйзам бузуу кодексинин 596-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн. Материалдын баары административдик сотко жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жол эрежесин бузган адам алты айга айдоочулук укуктан ажырай турганын билдиришкен.