БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкекте адам өмүрүн алган автокырсык катталды. Бул тууралуу видео "Короче" Телеграмм каналына жарыяланды.
Видеодон жол четинде жаткан аялды көрүүгө болот. Анын жанында милициялар жана окуянын күбөлөрү турат.
Бишкектин четинде унаа оодарылып кетип, беш киши жабыркады. Видео
Кайгуул милиция кызматынын башкармалыгы Sputnik агенттигине билдиргендей, кырсык бүгүн түнү Чыңгыз Айтматов проспекти менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинде катталган. Каза болгон айым 35 жашта. Айдоочу кырсык болгон жерден кетип калган эмес. Анын унаасы айып короого киргизилип, тергөө башталганы маалым болду.