Кечээтен бери 28 медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

© AFP 2023 / AMANUEL SILESHIСитуация в Эфиопии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Эфиопии из-за пандемии коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина кызматкерлеринин арасында COVID илештирип алган 2 661 учур катталса,  бүгүнкү күндө 1 384ү айыкты.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында 28 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары – 5;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Ош шаарында – 4;
  • Ош облусунда – 6;
  • Талас облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 3;

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 19 ак халатчан ооруну жеңип чыкты. Ошондой эле үй карантининдеги 60 медицина кызматкери сакайган.

COVID жуктурган 40 медикке 200 миң сом эми бериле баштайт

Жалпы медицина кызматкерлеринин арасында COVID илештерип алган 2 661 учур катталып, 1 384 медик айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0