https://sputnik.kg/20200722/koono-sozdordun-chechmelenish-1049097142.html
Талантбеков: "Манаста" клуб, бар, жер төлө деген маанини түшүндүргөн сөз бар
Талантбеков: "Манаста" клуб, бар, жер төлө деген маанини түшүндүргөн сөз бар
Sputnik Кыргызстан
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манаста" учурда дагы маанисин жоготпогон сөздөр бар экенин айтты. 22.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-22T13:18+0600
2020-07-22T13:18+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104641/29/1046412953_0:8:3067:1743_1920x0_80_0_0_d5dd82f2e8c712ce4936b15362c00bf0.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104641/29/1046412953_0:0:3067:1927_1920x0_80_0_0_a5f3a48cefd86a76c7518a03f7a66b60.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, нурбек талантбеков
кыргызстан, маданият, нурбек талантбеков
Талантбеков: "Манаста" клуб, бар, жер төлө деген маанини түшүндүргөн сөз бар
13:18 22.07.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манаста" учурда дагы маанисин жоготпогон сөздөр бар экенин айтты.
"Манаста" клуб, бар жана жер төлө деген маанини түшүндүргөн "үзөлөк" деген сөз бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, эпосто "үзөлөк" деген сөз бир нече жерде кездешет.
Талантбеков: "Манас" эпосунда тырмак алгыч "тырабдал" деп айтылат
"Күнүмдүк турмушта жер төлө же орусча "подвал" деген сөз бар. Анын мааниси Манаста "үзөлөк" деп берилет. Ошол эле учурда бул сөз учурдагы бар, клуб деген маанини дагы берет. Эпосто "үзөлөк" деген сөз бир нече жерде кездешет. Мисалы, "үзөлөктүн түбүндө жатат эле жалдырап" деген сап бар. Ошондой эле "Манас" баянындагы Кенжутка болгон казатта Кенжуттун Айган канынын төрт аялынын экөө "үзөлөктө" эс-мас болуп, жер төлөдөгү клубда же барда эс-учун жоготуп жатканы айтылган. Демек "үзөлөк" деген сөздү жер төлөнүн же болбосо көп кабаттуу имараттын жер төлөсүндө тамак-аш, ичимдик сатылган жай, бар, клубдун ордуна колдонууга болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манастагы" сөздөрдү алып эмне керек дегендер бар экенин айтып, бул сөз байлыкты арттырууга салым кошорун белгиледи.