https://sputnik.kg/20200721/bishkek-rossiyanyn-bir-neche-shaarynan-kajtkandar-1049085240.html
Кыргызстанга Россиянын бир нече шаарынан 188 адам кайтып келди
Кыргызстанга Россиянын бир нече шаарынан 188 адам кайтып келди
Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Ошондой эле мурда билет алып уча албай... 21.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-21T11:34+0600
2020-07-21T11:34+0600
2021-12-16T22:24+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/07/15/1049085115_0:143:1080:753_1920x0_80_0_0_cfaa3856b9cffe5791b733b85e3f81a2.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/07/15/1049085115_0:109:1080:787_1920x0_80_0_0_0c8ac6ef13cc54ba5d952bb696e31c9a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, россия
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, россия
Кыргызстанга Россиянын бир нече шаарынан 188 адам кайтып келди
11:34 21.07.2020 (Жаңыртылды: 22:24 16.12.2021) Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Ошондой эле мурда билет алып уча албай калгандар эске алынган.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 188 кыргызстандык "Авиатраффик" компаниясынын чартердик каттамы менен кайтып келген. Арасында жаш балдар бар.
"Бул рейс менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск жана Пермдеги жарандар келди. Арасында оорулулар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балалуу энелер, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгондор бар", — деп айтылат маалыматта.
Түркиядагы мекендештер 20 миң долларга дары-дармек жөнөттү
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округундагы жарандардын жана кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлгөн. Мындан тышкары, мурда билет алып уча албай калгандар эске алынган.
Чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иши улантылып жатканы кошумчаланды.