Түркиядагы мекендештер 20 миң долларга дары-дармек жөнөттү

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүИзготовление лекарств в Тамбовской детской клинической больнице
Изготовление лекарств в Тамбовской детской клинической больнице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул препараттар бир жума мурун эле келмек, бирок Стамбулдун аэропортунан тиешелүү документтери жок деп алып койгон.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Түркияда иштеп жүргөн мекендештердин "Кыргызстан — достук жана маданият" коому 20 миң долларга дары-дармек алып Бишкекке жиберди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга аталган коомдун мүчөсү Нурланбек Усубакун уулу билдирди.

Анын айтымында, медикаменттер бүгүн эртең менен Бишкекке келип түштү. Коомдун өкүлдөрү аны бүгүндөн тарта муктаждарга тарата баштайт.

"Пандемия учурунда ооругандарга жардам болсун деп биздин коомдун мүчөлөрүнөн 20 миң долларга жакын чогулду. Негизи муну мурунку жумада эле жөнөтмөкпүз. Аэропорттон текшергенде тиешелүү документтери жок деп алып коюшту. Кыргызстандын элчиси бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп берсе бат эле бүтө турган иш эле. Бирок анын жардамы тийген жок. Кайдыгер болуп койду. Коомубуздун балдары ары-бери чуркап жүрүп, бир жума дегенде Стамбулдагы консул Бакыт Үмөтовдун көмөгү менен чыгардык", — деди Усубакун уулу.

Жээнбеков: Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү жолдору каралууда

Белгилей кетсек, буга чейин да "Кыргызстан — достук жана маданият" коому Стамбулдан 15 кычкылтек концентраторун жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0