https://sputnik.kg/20200710/ysyk-kol-zhol-kyrsyk-uch-adam-1048967157.html
Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты
Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты
Sputnik Кыргызстан
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды... 10.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-10T13:15+0600
2020-07-10T13:15+0600
2021-12-15T22:40+0600
https://sputnik.kg/img/104896/56/1048965687_0:0:1074:607_1920x0_80_0_0_5486f566bb95e8e807bb3c63d2642885.jpg
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104896/56/1048965687_19:0:985:607_1920x0_80_0_0_f3d9967b235ca5a65a3daaee761e93c9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ысык-көл, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ысык-көл, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты
13:15 10.07.2020 (Жаңыртылды: 22:40 15.12.2021) Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарына жакын жерде болгон жол кырсыгынан каза болгон үч киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болуп чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9-июль күнү саат 10.20лар чамасында Балыкчы ШИИБине Торугарт — Бишкек автоунаа жолунун 189-чакырымында эки унаа сүзүшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн.
Ысык-Көл: Honda Stepwgn менен Audi сүзүшүп төрт адам мерт кетти
"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, Балыкчы шаарынын 46 жаштагы тургуну айдап бараткан Volkswagen Passat жеңил автомашинасы менен 50 жаштагы айдоочу башкарган Shacman жүк ташуучу унаасы кагышканын аныктаган. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу, анын 42 жаштагы келинчеги жана 12 жаштагы уулу каза болгон. Андан сырткары, сегиз жаштагы кызы, 14 жана 16 жаштагы эки бала түрдүү жаракат менен шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген", — дешти милициядан.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.