Ысык-Көл: Honda Stepwgn менен Audi сүзүшүп төрт адам каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу, ИИМ кызматкерлери, Тез жардам кызматынын дарыгерлери барган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия ДТП на трассе Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол
Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия ДТП на трассе Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол
Кырсык Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 48-чакырымында 2-июль күнү саат 20.30дар чамасында болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кырсык Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 48-чакырымында 2-июль күнү саат 20.30дар чамасында болгон.
1/2
Ысык-Көл облусунда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
2/2
Кырсык Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 48-чакырымында 2-июль күнү саат 20.30дар чамасында болгон.

Билдирүүгө ылайык, кырсык Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 48-чакырымында 2-июль күнү саат 20.30дар чамасында болгон.

"Honda Stepwgn менен Audi 100 Тоң районундагы Шор-Булак айылына жакын жерде сүзүшкөн. Каргашадан бир жаш кыз жана үч эркек адам көз жумган. Андан сырткары, 36 жана 37 жаштагы эки эркек жабыркаган", — деп жазылат ӨКМдин маалыматында.

Окуя болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу, ИИМ кызматкерлери, Тез жардам кызматынын дарыгерлери тартылган. Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиционерлерге өткөрүп берген. Ал эми жабыркагандарды Тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кеткен.

Талкаланып кетиптир! Бишкек — Ош жолундагы кырсыктын видеосу

Бир нече күн мурун эле аталган райондо автоунаа оодарылып кетип, бир аял менен жаш бала каза болгону кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0