https://sputnik.kg/20200708/oshko-moskvadan-221-kyrgyzstandyk-keldi-1048943868.html
Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди
Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди
Sputnik Кыргызстан
Каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга кетүүгө олуттуу... 08.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-08T13:54+0600
2020-07-08T13:54+0600
2021-12-17T15:00+0600
https://sputnik.kg/img/104894/23/1048942309_0:264:2467:1659_1920x0_80_0_0_d7ee44d23a9102286bf08a7f3be9f030.jpg
москва
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104894/23/1048942309_0:186:2467:1737_1920x0_80_0_0_440c6ae999fd3d1d9345e033ff05f721.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , жаңылыктар, коом, кыргызстан, москва, тышкы иштер министрлиги, ош
коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , жаңылыктар, коом, кыргызстан, москва, тышкы иштер министрлиги, ош
Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди
13:54 08.07.2020 (Жаңыртылды: 15:00 17.12.2021) Каттам менен Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга кетүүгө олуттуу себеби болгон жарандар келишти.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн Москвадан 221 кыргызстандык Ош шаарына алып келинди. S7 Airlines авиакомпаниясынын Москва — Ош багытындагы чартердик каттамы менен келгендердин арасында жаш балдар да бар экенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспораларынын, Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия жарандардын берген арызына жараша түзгөн.
Бишкекке Минск аркылуу Европадагы кыргызстандыктар алып келинди
Ага Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга кетүүгө олуттуу себеби болгон жарандар кирди.
Министрлик чет жерлерде калган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштерди улантып жатат.