БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Баткен облусунан 20 медицина кызматкери Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу түрдө жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, алардын ичинде медицина тармагында 40 жылдан бери эмгектенип келгендер да бар. Ак халатчандар облустун бардык ооруканаларынан чогулушту.
Дарыгерлерди өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басарлары Жаркынбек Максутов менен Чынар Саттарова узатып, бекем ден соолук, күч-кубат каалап, ыраазычылыктарын билдиришкен.
Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө
Буга чейин Республикалык штабдын жыйынында өкмөт башчы Кубатбек Боронов аймактардан келген 100гө жакын ыктыярчы-дарыгер Бишкектеги ак халатчандарга көмөк көрсөтөрүн айткан болчу. Учурда облустардан медиктер борборго келип жатат.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 6 767 киши коронавирус жуктуруп алган. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда экени айтылды.
Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.
Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.