Боронов: Тез жардам менен келгендерди албай койгонду, күттүргөндү токтоткула!

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЗаседание Республиканского оперативного штаба
Заседание Республиканского оперативного штаба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы бейтаптардын саны улам өсүп жатканын белгилеп, дарылоо үчүн жеке клиникаларды тартуу тапшырмасын койду. Мындан тышкары, жеке лабораториялар болушунча тезинен вируска тест алууну баштоосу зарыл экени айтылды.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Тез жардым кызматы алып келген бейтаптарды ооруканалар кабыл албай койгон же көчөдө 1,5 саат күттүргөн фактылар болбосун. Оорулууну жаткыруу чечимин кабыл алган Тез жардам кызматынын дарыгери убакытты текке кетирбестен, аны кайда алып барарын билиши шарт. Мындай талапты премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында койду.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, жыйын бүгүн өткөн. Боронов борбор калаадагы жеке лабораторияларды, Тез жардам кызматын жана ооруканаларды мобилизациялоону тездетүү зарыл экенине токтолду.

Бишкекте мобилдик бригада менен тез жардам унаалары көбөйөт

"Бүгүн коронавирус инфекциясын жугузган 309 учур аныкталды. Кайрылуулар көп болгондуктан Тез жардам кызматынын иши көбөйүп, кечигип барып жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги тез арада мамлекеттин карамагындагы тез жардам унааларын жана тиешелүү адистерди тартууга тийиш. Мүмкүн болсо эпидемиологиялык абал жакшы райондордун Тез жардам кызматтарын тартуу керек. Бул ишке жеке менчик Тез жардам кызматтарынын тартылышы да маанилүү. Кызмат алып келген бейтаптарды ооруканалар кабыл албай койгон же көчөдө 1,5 саат күттүргөн фактылар болбосун. Оорулууну жаткыруу чечимин кабыл алган Тез жардам кызматынын дарыгери убакытты текке кетирбестен, аны кайда алып барарын билиши шарт. Ошол эле учурда ооруканалар COVID-19га текшерилгендиги тууралуу маалым катты талап кылбоого тийиш", —  деди өкмөт башчы.

Ал Тез жардам кызматы жана ооруканалар өз ара толук аракеттешүүсү керектигин баса көрсөттү. Мындан тышкары, бул кызматтын унааларын оңдоп, кыска убакыттын ичинде ишке чыгаруу тапшырылды.

Бишкекте 118 кызматы албаса, башка кимге кайрылса болот? Тизме

Бүгүн шаардык Тез жардам кызматына Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 9 унаа берилмей болду.

Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго ооруканаларда кошумча орундарды даярдоо жана бошотууну, бул ишке жеке клиникаларды тартууну тапшырды.

"Ооругандардын саны көп болуп жатканына байланыштуу саламаттык сактоо системасына оорчулук келип жатат. Мындан улам бардык ресурстарды бириктирип, медициналык жардамга муктаж ар бир жаранга көмөк көрсөтүү керек. Бүгүнкү күндө медициналык мекемелерде ооругандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү, бирок биз эртеңки күнгө кам көрүүгө тийишпиз. Ошондуктан үзгүлтүксүз кеңейтип жана жаңы орундарды даярдоо керек. Буга жеке менчик ооруканаларды тарткыла. Жеке лабораториялар болушунча тезинен вируска тест алууну баштоосу зарыл", — деди премьер-министр.

Тармактык мамлекеттик органдарга борбор калаадагы эпидемиологиялык абалды туруктуу кармоо боюнча бардык чараларды күчөтүү, жеке коргонуучу каражаттардын, тест-системалардын запасын дайыма көзөмөлдөп туруу тапшырылды.

Штаб жыйынында дагы бир ирет санитардык ченемдерди сактоо жана үйдөн чыкпоо зарылдыгы эскертилди. Сабырдуу болуп, дүрбөлөңгө түшпөө, оорунун белгилери болгон шартта медицина кызматкерлеринин сунуштарын аткаруу керектиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0