Кризистик борборлор ассоциациясынын аткаруучу директору Толкун Төлөкова Sputnik Кыргызстандын кабарчысына карантин маалында жарандар кабылган окуялар, кризистик борборлордун көйгөйлөрүнөн кеп салып берди.
— Кризистик борборлор үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга кантип жардам берет?
— Айрым маалыматтар боюнча, 24-марттан 24-апрелге дейре Бишкекте зордук-зомбулук боюнча 162 учур катталган. Былтыр ушундай эле маалда бул көрсөткүч 100дүн тегерегинде экен. Карантинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алдыбы?
— Буга бир нече фактор таасир этти. Мисалы, көп адамдар күнүмдүк оокатын тапкан жумуштарда иштечү. Алган акчасына дароо азык-түлүк алып, артканын турак жай ижарасына чогултушчу. Карантин маалында алар жумушсуз калышты. Баарынан жаманы — кырдаалдын жакшырышынан үмүт үзгөндөрү. Ошол себептен адамдар кыжырланып, агрессивдүү боло башташты.
Ар биринде эле өз-өзүнчө бөлмөлөрдө жашоого, өз мейкиндигине ээ болууга шарт жок. Ата-энелер азыр күнү-түнү балдарынын жанында болуп, алар менен бирге окууга аргасыз. Баары эле муну көтөрө албайт. Мындай көйгөйлөрдү чечүү ниетинде карантин башталганда кризистик борборлор калкка психологиялык жардам көрсөтүү үчүн ишеним телефондорун ачкан.
— Карантин шартында кайсы көйгөйлөр менен көп кайрылышат?
— Эң оболу гуманитардык жардам көрсөтүүнү, азык-түлүк сатып берүүнү суранышты. Көп адамдарга психологиялык жардам керек. Айрымдар балдарына түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүп берүүнү өтүнүштү. Кээ бири насыя төлөө, шаар ичинде жүрүү, дарыгерге баргандагы коопсуздук тууралуу сурашты... Мындан тышкары, жарандардын көбү эмгек укуктарынын бузулушуна даттанышты.
Эгер юридикалык жардам зарыл болсо, ишке жактоочуларды тартабыз. Мындай учурлар үчүн биздин жактоочулардын окуу борбору менен келишимибиз бар. Алар зордук-зомбулуктан жабыр тарткандарга кеп-кеңеш берип, акысыз кызмат көрсөтүшөт.
— Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча маалыматтар укук коргоо органдарына дайым жетеби?
— Жок, албетте. Кээ бири коркконунан милицияга кайрыла албайт. Айрымдары үйдөн кеткиси келип, көмөктөшүүнү өтүнүшөт. Биз аялдарга алардын укугун түшүндүрүүгө, көндүрүүгө аракет кылабыз. Бирок кандай болсо да өздөрү чечим кабыл алышат.
— Билишимче, пандемиядан улам азыр кризистик борборлор аялдарды кабыл албайт. Ушундайбы?
— Өтө муктаждарды карантин убагында да кабыл алышат. Айрымдарына туугандарыныкына жетип алууга жардам көрсөтсө, кээ бирин баш калкалаар жайларга жеткирүүгө көмөктөшөт. Башка арга жок.
Эгер мамлекеттик же эл аралык уюмдардан түзүк каржылык жардам болсо, кыйла көп кишиге көмөктөшмөкпүз. Азыр бир кризистик борборго жылына 600-800 миң сом бөлүнөт. Өзүңүз калчап көрүңүз, ар бир аялга бир күндүк үч маал тамагына 80-100 сомдон каралган. Бул каражатка биз кайрылган аялдардын да, алардын балдарынын да тамагына жеткирүүгө тийишпиз. Карантин маалында баш калкалаар жайларда бет кап, санитайзерлер, азык-түлүк болушу зарыл. Бирок адегенде муздатуучу жабдуулар же азык-түлүк сактоо үчүн орун барбы деп сураңыз...
— Кризистик борборлордо аялдар менен балдарды коронавируска текшеришеби?
— Бизге кайрылган бардык аялдар сурамжылоодон өтөт. Соңку убактарда кайда барышканын, ким менен байланышканын тактайбыз. Андан соң медицина кызматкерлерин чакырабыз. Эгер кандайдыр бир клиникалык белгилери байкалса, коронавируска тест тапшыртышат. Ал эми бул убакта аялдар обочолонгон бөлмөлөргө жайгаштырылат.
— Үйдө кордук көргөндөргө кол сунуу үчүн өкмөт эмнелерге көңүл бурушу кажет?
— Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүн комплекстүү карап, ар бир топтун өзгөчөлүктөрүн өзүнчө эске алуу абзел. Мисалы, көп балалуу аялдар, кош бойлуулар. Мындан сырткары, алимент төлөө жана бизге кайрылган аялдардын мүлк укугун камсыздоо маселесин көтөрүү керек. Кордук көргөн аялдарга комплекстүү көмөк көрсөтүү үчүн атайын мамлекеттик жана социалдык жатакана ачуу зарыл.
— Запкы жеген аялдарга үйдөн кетиш үчүн алдын ала сумка даярдап коюуга кеңеш берилерин эшиткеним бар. Биринчи кезекте эмнелерди жанына алуусу абзел?
— Ооба, аны "кабатыр баштыгы" деп койсок болор. Жеңил, ыңгайлуу, бирок ошол эле учурда сыйымдуу болгону жакшы. Аялдын өзүнүн, балдарынын документтери, ичкен дары-дармеги, бир аз кийим-кече жана тазалык каражаттары, анан да сөзсүз түрдө үйдүн ачкычы болгону дурус.
— Өз тажрыйбаңыздагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кандай учурун эң оор деп эсептээр элеңиз?
— Айтыш татаал, себеби кордук көргөндөрдүн ар бирине кыйын. Көпчүлүгү жылдап кордукка чыдап жүрө берет... Мисалы, бир аял өмүр бою кордук көргөн. Капысынан биздин бир семинарга катышып калат. Ошондон кийин 30 жылда биринчи ирет милицияга кайрылууга даайт. Баштан-аяк, арыз жазуудан жумушка киргенге чейин жардамдаштык.
Биз кол сунган дагы бир келин 12 жыл бою катуу кемсинип, экономикалык запкы көрүп жана күйөөсүнөн таяк жеп келген. Колуна тийген маянасын күйөөсү тартып алып, уруп-сабачу экен. Үйдүн ижарасын да төлөбөй, ал тургай кан-жанынан жаралган балдарына тамак-аш да алып бербей кордогон. Жумалап, кээде айлап үйгө жолобойт, бул убакта аялы жана балдары ачка отурушчу.
Күйөөсү менен ажырашууга бир нече жолу аракет кылат. Бирок уулун мектептен жаңы көчкөн үйүнө чейин аңдып барып таап алат да, баягынын баары кайрадан башталат. Жарым жылдан кийин ал келин бизге кайрылды. Ошентип баары түп-тамырынан бери өзгөрдү. Бүгүн анын туруктуу маянасы бар, бала-чакасы менен социалдык турак жайда турат.