БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Эркектер аялдарга караганда COVID-19 менен канындагы АПФ2 аралашмасы көп болгондугу үчүн көбүрөөк оорушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Мындай тыянакка Кардиологдордун европалык коомчулугу жаңы иликтөөдөн кийин келген.
Аталган фермент клеткалардын сыртындагы аймакта айланып турат да, организмдеги кандын басымын жөнгө салууда чоң роль ойнойт.
"АПФ2 — клеткалардын үстүндөгү рецептор. Коронавирус жуккандан кийин өз ара байланышта болуп, анын жаңы клеткаларга жугушун шарттайт. Өпкөдө АПФ2 кошулмасы көп кездешкендиктен, бул ферменттер COVID-19 менен байланышкан оорунун күчөп кетишинде чоң роль ойнойт", — деп түшүндүргөн изилдөөнүн жетекчиси, Гронинген университетинин медициналык борборунун кардиология боюнча профессору, доктор Адриан Воорс.
Иликтөө коронавирус пандемиясына чейин жасалып, ага COVID-19 жуктургандар кошулган эмес. Анткен менен башкалардын иштеринин жыйынтыгын, тагыраагы, АПФ2нин жаңы коронавирустун клеткага түшкөндөгүсүн көрсөткөндө, ал Воорс жана анын командасынын изилдөөсүнө окшош болуп чыкканын байкаган.
"АПФ2нин эң активдүү биоиндикаторунун аялдарга караганда эркектерде көп экендигин аныктаганыбызда, эмнеге эркектердин арасында COVID-19 боюнча өлүм көп экендигин түшүндүк", — деген дагы бир доктор Изайя Сама.
Кардиологдор коомчулугу АПФ2 өпкөдө эле эмес, жүрөктө, бөйрөктө, кан тамырлардын ткандарында болорун айтышты.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта COVID-19 пандемиясын жарыялаган. ДССУнун соңку маалыматтарына караганда, дүйнөдө илдетти 3,9 миллиондон ашык киши жуктуруп алса, алардын ичинен 274 миңи көз жумган.