БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ооруканаларында COVID-19 жуктурган 326 адам жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда 12 адамдын абалы оор деп бааланууда, анын ичинен бешөө реанимацияда.
“314 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Бүгүнкү күндө 322 адам айыгып чыгып, сегизи каза болду”, — деди Үсөнбаев.
Ошондой эле ал вирус жугузгандар менен 2548 киши байланышта болгонун кошумчалады. Учурда обсервация жайларында 914 адам жатат.
Коронавирустун кесепети
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.