Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанды каптаган коронавирус боюнча акыркы кабарлар, видео жана сүрөт

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаалдан улам жаралган өзгөчө абал уланууда. Башка өлкөлөр сыяктуу эле республика COVID-19дан жабыр тартууда.

Ооруну жуктургандардын саны 631ге жетсе, анын дээрлик жарымы, 302си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:29 24.04.2020
19:09 24.04.2020

Коронавирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоонун орточо эсеби 8000 сомдон 120 миң сомго чейин. Бул тууралуу Республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына таянып кабарлады.

 

Центр инфекционных болезней ФГАУ НМИЦ здоровья детей готов к приему детей с COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
3000 доллар эмес! Коронавируска кабылган адамды дарылоого канча кетери айтылды
16:37 24.04.2020

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Россияда чыгарылган вакциналарды коронавируска каршы колдонулуучу препараттардын келечектүү тизмесине киргизди. Бул тууралуу Россиянын ыкчам штабынын стопкоронавирус.рф. сайтына жарыяланды.

 

В Казани запустили проект по разработке вакцины от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска каршы Россияда чыгарылган 9 вакцина ДССУнун тизмесине кирди
16:35 24.04.2020

"COVID-19 вирусу бар бейтаптарды дарылоодогу кыргызстандык дарыгерлердин методикасы менен ыкмалары Польшада жана Италияда пайдаланылган методикаларга окшош. Бул туурасында Польшалык топтун координатору жана жетекчиси Михал Мадейски айтты", - деп билдиришти Республикалык штабдан. 

16:22 24.04.2020

Коронавирустун Европада башка, Азияда башка түрү жайылган. Бул туурасында Россиянын Вирустук инфекциялардын алдын алуу жана дарылоо боюнча илим изилдөө борборунун директору Георгий Викулов билдирди.

Директор Научно-исследовательского центра по профилактике и лечению вирусных инфекций Георгий Викулов - Sputnik Кыргызстан
Адис: Азия менен Европаны коронавирустун эки башка түрү каптады
15:37 24.04.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды.

 

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял первого вице-премьер-министра Кубатбека Боронова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантыш керек
15:32 24.04.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы

2 млн 710 миӊ 264 адам коронавируска чалдыккан.

Алардын ичинен 190 миӊ 896 адам каза болду.

Мамлекеттер:

АКШ – 886 172 (каза тапкандар – 49 963)

Испания – 213 024 (каза тапкандар – 22 157)

Италия – 189 937 (каза тапкандар – 25 549)

Франция – 159 467 (каза тапкандар – 21 856)

Германия – 153 129 (каза тапкандар – 5 575)

Улуу Британия – 139 246 (каза тапкандар – 18 738)

Түркия – 101 790 (каза тапкандар – 2 491)

Иран – 85 996 (каза тапкандар – 5 391)

Кытай – 83 884 (каза тапкандар – 4 636)

Россия – 68 622 (каза тапкандар – 615)

Маалыматтарды аталган сайттан Республикалык штаб алып, даярдап берди. 

15:06 24.04.2020

Каникул убагында (16-марттан 8-апрелге чейин) иш жүктөмдөрү аткарылбагандыгына байланыштуу алардын эмгек акысы сакталбайт. Дистанттык окуу 8-апрелден башталды, андан бери канча саат өтүлсө, ошого жараша айлык төлөнүп берилет.

Көбүнчө аталган жүктөмдү 4-класстын мугалимдери алып жүрүшөт, анткени "Наристе" програмамсына тартылган балдар кийин 1-класска ошол педагогдордун колуна барышат.

Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты. 

15:03 24.04.2020
14:56 24.04.2020
14:48 24.04.2020

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр бизнестин далай түрүн токтотуп, миңдеген адам ишсиз калды. Ушул тапта көпчүлүктүн карантин бүтүп иш башталса экен дегенде эки көзү төрт.

 

Сезон свадеб в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Той бергенге дарман жок! Ишкерлер карантинден кийинки жашоосуна сереп салды
14:45 24.04.2020

"2020-жылдын 24-апрелинде "Манас" эл аралык аэропортунда "Түрк Аба жолдору" авиакомпаниясынын "Стамбул-Бишкек" чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди, - деп билдиришти Республикалык штабдан. 

13:32 24.04.2020

Бишкекте журналист Нурис Алымбаевдин жардамы менен жасалма өткөрмө кагаздарын сатып жаткан жаран кармалды. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

 

Арест подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте журналист өткөрмө кагаз саткан жигитти тузакка түшүрдү. Окуянын чоо-жайы
12:33 24.04.2020

Коронавирус жуктуруп алгандардын катарында прокуратура кызматкери дагы бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

ЖМКлар Жайыл райондук прокуратурасынын 32 жаштагы кызматкери 19-апрелде ооруканага жаткырылганын жазышкан. Маалыматка караганда, аны менен кошо жубайы дагы илдетке кабылган.

“Прокурор реанимацияда дарыланып жатат. Биздин дарыгерлер айыктырат деп ишенип турабыз”, — деди Үсөнбаев.


 

 

11:38 24.04.2020
11:32 24.04.2020

“Тилекке каршы, Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,1 пайызга өстү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды. Шаардыктар кайрылып кетейин дедим эле. Бул күндөр да өтөт. Үй-бүлөлөрүбүздү сактап, жакындарыбызга жумшак мамиле кылып, сабырдуу бололу”, - деди Бишкектин коменданты Орозалиев.

11:17 24.04.2020

"Абалды анализ кылып чыктык. Эгерде өзгөчө абалдын мөөнөтү уланса, курулуш  тармагы, СТО, вулканизация, такси кызматтары иштеши мүмкүн. Бирок катуу талап менен иштегенге милдеттүү. Маселен, таксиде 2ден ашык киши болбошу зарыл.  Эскерте кетсек, сантиардык-эпидемиологиялык эреже сакталышы керек. Анда дезинфекция, коргонуучу каражаттарды колдонуу жана аралыктан туруп иштөөгө көңүл катуу бурулат", - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев. 

10:56 24.04.2020

ӨКМ коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн суткада аткарылган иштер боюнча маалымат берди. 

10:34 24.04.2020
10:30 24.04.2020

 "Бул күнгө чейин 43 784 анализ жасалган. Өткөн сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр 3 925 болду",  - деди Үсөнбаев

10:16 24.04.2020

“Бизде коронавирустун кеңири таркап кетүүсүнө шарт түзүлгөн жок. Эпидемиологиялык  параметрлерден алсак, өтө бийиктеген учуру байкалган жок. Биздики оорунун жайылышы тик өспөй, кыйгач  вариантта кетти. Ар бир жумада чыккан сандарды анализдеп келдик.  Биздин адистер оорунун пик болгон учуру 20-24-апрель деп караган. Кийинкиси да эсептелүүдө.  Мындан ары эмне кылабыз деген сунуштарды өкмөткө киргизип,  азыр иштеп жатабыз. Туу чокусу деп айткан тура эмес болуп жатат. Бир жуманын ичинде стабилизация болууда деп айтсак болот го. Көп каттала турган учурлар ушул күндөргө келип жатат. Мындан ары бийиктейт деп айткандан алысмын.  Бирок тартип сактап, жайылтып жибербегенге аракет кылганыбыз дурус.  Ооруп калгандар менен байланышты болду деген 8,5 миңге чукул кишини текшерип, азыр да  карап  жатабыз. Ылдыйлоого негиздер бар”, - деди Үсөнбаев.

10:16 24.04.2020
10:15 24.04.2020
10:10 24.04.2020
10:08 24.04.2020
10:07 24.04.2020
10:01 24.04.2020
10:01 24.04.2020
10:01 24.04.2020
09:59 24.04.2020
09:42 24.04.2020
09:20 24.04.2020

Коронавирус учурунда үй бетин көрбөй, өмүрүн тобокелге салып, ар кандай шартта иштеп жаткан милиция кызматкерлери тууралуу видео.

09:12 24.04.2020

Ушул тапта Кыргызстанга Россиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан төрт миңден ашык жаран кайтып келүүнү каалап жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Дүйнөдө коронавирус тарагандан баштап ТИМ жана башка мамлекеттик органдардын жардамы менен Кыргызстанга 6767 адам кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0