БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Вирус төмөнкү аймактагы медиктерден аныкталды:
- Жалал-Абад облусунда — 2;
- Ош облусунда — 1;
- Ош шаарында — 3;
- Нарын шаарында — 1;
- Бишкек шаарында — 3.
Бүгүн вирусту жалпысынан 22 киши жуктурса, анын жарымы медиктер болуп жатат. Илдетке кабылган ак халатчандардын саны 157ге жетти.