БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын бардык кызматкерлерине коронавирус жугуп калуу коркунчу бар. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Министрге учурда канча медик обсервацияда жатканы боюнча суроо узатылган.
Ал жооп берип жатып дезинфекция жүргүзүү үчүн аталган оорукана убактылуу жабыла турганын билдирди. Мындан башка маалымат берген жок.
Коронавирустун кесепети
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.