БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Касымалы Баялинов атындагы Балдардын жана жаштардын республикалык китепканасы каникул учурунда балдар үчүн жаңы онлайн кызматын сунуштады. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал үчүн bayalinovkaonline@gmail.com электрондук почтасына, китепкананын фондунда бар адабиятка билдирме жөнөтүү керек. Ар бир билдирме өз алдынча дыкат каралат. Билдирмени ыкчам ишке ашыруу үчүн суроо-талап так жана түшүнүктүү жазылышы керек.
Министрлик бир да билдирме көз жаздымда калбай турганын белгилейт.
Эске салсак, 16-марттан тарта Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери үч аптага карантинге жабылган.