Асыл тукум уй сатып алууда кантип алданып калбоо керек? Фермердин кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанский семинар-выставка в селе Красная Речка Ысык-Атинского района
Республиканский семинар-выставка в селе Красная Речка Ысык-Атинского района  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, айрымдар аткезчилик менен алынып келген уйларды сатып алып жатышат. Мындай учурда малдын документи жок болгондуктан анын асыл тукумдуулугун жана оорубай тургандыгын тастыктоо кыйын.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Чет мамлекеттен асыл тукум уйларды алып келүүдө алардын документтерине көңүл буруу керектигин "Кыргыз-сүт" сүт мал чарбачылыгы бирикмесинин фермери Азамат Маданбеков билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз-сүт" сүт мал чарбачылыгы бирикмесинин фермери Азамат Маданбеков чарбачылык жаатта мыкты иш алып барганы үчүн сыйланды.
Асыл тукум уй сатып алууда кантип алданып калбоо керек? Фермердин кеңеши - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз-сүт" сүт мал чарбачылыгы бирикмесинин фермери Азамат Маданбеков чарбачылык жаатта мыкты иш алып барганы үчүн сыйланды.

Ал Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында өткөн фермерлердин семинары менен көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү. Иш-чарада сүттүн сапатын жогорулатуу жана асыл тукум уйлардын санын көбөйтүү боюнча маселелер көтөрүлгөн.

Фермер Маданбековдун айтымында, айрым мал баккан кишилер аткезчилик менен алынып келген уйларды сатып алгандыктан кийин күйүп кетип жатышат.

"Чет мамлекеттен контрабанда жолу менен уйларды алып келгендер тууралуу маалыматыбыз бар. Мындайча айтканда, сатып жаткан киши уйдун документ, сертификаттарын көрсөтө албайт. Анан кардар билбей эле карыган же ооруган малды алып алат. Бирди туугандан кийин сүтү кадимки уйдукундай эле чыгып анын асыл тукум эмес экени аныкталат. Ушинтип акчасы күйүп кеткен фермерлер толтура. Мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Мал аларда өзүнө ишенбегендер бул жааттагы тажрыйбалуу адамдар менен кеңешип же аларды ээрчите барганы оң. Эң жакшысы, малды кагаз жүзүндөгү тастыктамалары менен сатып алуу керек", — дейт фермер.

Маданбеков Кыргызстанга уйлар көбүнчө Россия, Канада, Польша, Чехия, Австралия жана Германиядан алып келинерин кошумчалады.

Ал ошондой эле асыл тукум уйларды багам дегендерге кеңеш берди.

Бишкектин четиндеги Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында региондон келген мал багуучулардын катышуусунда семинар жана көргөзмө өттү - Sputnik Кыргызстан
Мастит болгон уйду кантип билсе болот? Япон адиси КР фермерлерине кеңеш берди
"Уйдан пайда көрөм дегендер анын асыл тукумдуулугуна маани бергиле. Үйдөгү кадимки уйлар 8-10 литрге чейин сүт берсе, асыл тукумдан 20 литрден тарта 35 литрге чейин алууга болот. Албетте, башка уйларга салыштырмалуу баасы кымбат. Маселен, кара ала өңдүү голштин-фризская тукумундагы уйлар 130-140 миңге чейин бааланат. Бирок сүтү мол. Эгер этине маани берсеңер, башка асыл тукумдарын фермерлер аркылуу сураштыргыла. Мындан тышкары, асыл тукум уйларды бадага жана кезүүгө кошпоого чакырам. Себеби ал жактагы башка уйлардан оору жуктуруп алышы мүмкүн. Фермерлер малга бир гана короону камсыздабастан, өзүнчө жайытын да белендеши керек", — деди фермер.

Мындан тышкары, семинарда уйларды ар кандай оорулардан оолак кылуу менен сүтүнүн сапатын жогорулатуу тууралуу да сөз болуп, япониялык эксперт малда маститти аныктоонун жөнөкөй жолун көрсөтүп берген.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0