https://sputnik.kg/20200302/ala-too-ayantynda-miting-bashtaldy-1047236034.html
"Ала-Тоо" аянтында митинг башталды. Сүрөт
"Ала-Тоо" аянтында митинг башталды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди... 02.03.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-03-02T11:12+0600
2020-03-02T11:12+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104723/57/1047235759_0:193:2731:1737_1920x0_80_0_0_9dd338059a84c3b09ec1235466b03bb2.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104723/57/1047235759_0:107:2731:1823_1920x0_80_0_0_2c42dd5be9caed37abf32e7bb4f3de86.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, садыр жапаров, садыр жапаровдун тарапташтарынын бишкектеги митинги
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, садыр жапаров, садыр жапаровдун тарапташтарынын бишкектеги митинги
"Ала-Тоо" аянтында митинг башталды. Сүрөт
11:12 02.03.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында митинг башталды.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, аянтка 100дөн ашык адам чогулган. Улам адамдардын кошулуп жатканы айтылды.
Буга чейин башкы аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги болору кабарланган болчу.
Эске салсак, өткөн жумада интернетте 20га чукул автоунаага желек байлап, Ысык-Көл облусунун көчөсү менен келе жаткан адамдардын видеосу тараган. Алардын айтымында, топ Садыр Жапаровду колдоо максатында Тоң районунан Бишкекке тынчтык акциясына катышуу үчүн жолго чыгышкан.
Мындан тышкары, соцтармактын Бишкектеги колдонуучулары жакында эле "жергиликтүү милиция кызматкерлери шаардыктардан митингге чыгасыңарбы деп сурап жатат" деген билдирүүлөрүн жазышкан.
2 Жалган Куран 2020, 09:29
Эске салсак, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.
Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.