Бишкектен батир сатып алуу — борбор шаардын көптөгөн тургундарынын тилегени. Бирок ага жеткидей каражат топтоо оңой-олтоң эмес.
Курулуш компаниясынын жетекчиси Темир Султанбеков батирге караганда жер там салуу алда канча арзан түшөрүн айтат.
— Адатта алгачкы бизнес көбүндө ийгиликтүү жүрбөйт эмеспи. Ойдогудай чыкпай калган кандай ири ишиңиз болду эле?
— 2011-жылы досум экөөбүз кондитердик азыктарга кызыгып, иш баштаганбыз. Пирожное жана торт жасаган цехти ижарага алган элек. Башта баары жакшы эле сезилген, ишибиз илгерилеп дегендей. Бирок бир эле күндө баары өзгөрүп кетти. Жумушка келип, эшикти ачканыбызда суу атты! Бүтүндөй цехти суу каптаптыр, ун, кант, даярдалган бардык азыктар суу болгон экен...
Көрсө, катуу ысып кеткендиктен цехте түтүк жарылат. Ошентип көз ачып-жумганча күйүп кеттик. Албетте, сотко берген жокпуз. Ижарачы бизге бир аз тыйын карматты, бирок чыгашабызды баары бир жапмак эмес. Бизнести жыйыштырууга аргасыз болдук.
— Эмнеге курулуш ишине кириштиңиз? Бул деле "баштапкы каражатсыз" башталбай турган иш эмеспи.
— Бизнес үчүн таптакыр ылайыктуу убак эмес эле, 2014-жылдагы кризистин кайнап турган кези. Досум экөөбүз эмне кыларыбызды көпкө ойлондук, анан имараттарды ремонттогон ишкана ачалы деген чечимге келдик... Ремонт кылдырып көрдүңүз беле?
— Ооба.
— Жеке жумушчулар жасады беле?
— Ооба, кадимкидей эле.
— Аларга дооматыңыз көп болдубу?
— Албетте, байкасам, баары эле нааразы экен. Жумушчулардын бири ичип алып, эшикти ичинен илип коюп, түнү бою ачпай кыйнаган.
2014-жылы биз курулуштар айланабызда жайнаганын, бирок ремонт жасоо кызматын сунуштаган ишканалар жокко эсе экенин байкадык. Ошентип жакшы ремонтчуларды таап, бул ишке кириштик. Буюртмалар жаай баштаган...
— Кийин жеке турак жай курууга өттүңүзбү? Билишимче, жер үй куруу батир сатып алууга караганда арзаныраак...
— Ооба, ошондой. Албетте, шаардын борборундагы үйлөрчөлүк эмес, анткени ал жактарда жер тилкелери өтө кымбат.
— Бир үй-бүлө бар дейли, акчасы азыраак, бирок там салууну самайт. Кандай сунуш берер элеңиз?
— Мисалы, Ак-Ордо өңдүү жаңы конуштун биринен жер тилкесин сатып алышсын. Эки сотых жер болжол менен 5 миң доллардан. 100 чарчы метрлик там салууга болот, 15-16 миң долларга айланат. Эгер жер тилкесине, курулушка, ичин жасалгалоого кеткен бардык чыгымдарды кошсок, бул турак жайдын баасы 45 миң доллардын тегерегине чыгат. Ушундай эле аянттагы батир орточо 70 миң доллар турат эмеспи.
— Билишимче, көптөгөн кыргызстандыктар үчүн өз күчү менен турак жай тургузуу абдан маанилүү. Бул сыймык гана тургай, арзан деп да эсептелет.
— Үнөмдүү варианттар туурасында сүйлөштүк. Заңгыраган хан сарайларчы?
— Жер тилкелери айрыкча Киргизия-1 жана Киргизия-2 райондорунда (бишкектиктерге бул райондор "хан ордосу" деп белгилүү — ред.) кымбат. Бир сотых жер 10-11 миң долларга бааланат.
Эң чоң үйдү биз дал ушул райондо тургуздук. Аянты — 720 чарчы метр, бийиктиги — төрт кабат. Спорт залы, иш бөлмөсү, залы бар, уктоочу жана сергип алчу бөлмөлөрү көп. Андан тышкары, террасага чыкчу ашканасы бар, ал эми төртүнчү кабаты чоң терезелери тоо жакты караган кенен бөлмөдөн турат.
— Азыр үйлөрдү сэндвич-панель, контейнерлерден куруп жатышат. Компаниялар төмөн баага мыкты сапатты убада кылышууда...
— Контейнерлерден курулган там кышкысын бир топ суук, жайкысын ысык тартат. Металлдын иши баары бир металл. Жеке пикиримде, кыштан тургузгандан өтөрү жок, экологиялык жактан таза, бекем.
— Азыр калаа толук курулуп бүткөндөй эле. Рынок үчүн жетиштүүбү, башка турак жай курбай деле койсок болобу? Кандай ойлойсуз?
— Менимче, курулуштагы дүрбөлөң дагы 7-8 жылга созулат. Бишкекте бош орундар али да бар.
— Өзүңүз кандай турак жайда жашоону ылайык көрөсүз: батирдеби же жер үйдөбү?
— Азыр батирде турам, бирок сөзсүз там салам.
Бишкекте самандан англиялык технология боюнча там курган Айбек Шаршенбаевдин да маегине көз жүгүртүңүз.