Instagram тармагына "Бишкекте теракт болот" деп жазган жигит кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстанда телефондук терроризм учурлар
Кыргызстанда телефондук терроризм учурлар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүн ичинде УКМК жалган маалымат тараткан эки шектүүнү кармады. Алар "шаардагы соода борборлорунда теракт болот" деп айтышкан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Instagram социалдык тармагына "Чынар" соода борборунда теракт болот" деп жазган шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: террорчулукка шектелип эл аралык издөөгө алынган киши кармалды
Белгилүү болгондой, News.kg маалымат порталынын жаңылыгынын алдына колдонуучулардын бири: "Бүгүн саат 17:30да "Чынар" соода борборунда теракт болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 миллион АКШ доллары төлөндү", - деп комментарий калтырган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү ("Терроризм акты, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК соцтармак колдонуучусун тапты. Ал 18 жаштагы Чүй облусунун тургуну болуп чыкты. Шектүү тергөө башкармалыгына жеткирилген.

"Сурактын жүрүшүндө киши жасаган ишине өкүнүп жатканын билдирди. Террордук акт тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө амалдары уланууда", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин "Бишкектеги соода борборлордун биринде теракт болот" деп жалган маалымат берген "телефон террорчусунун" ким экени такталган.

УКМК террордук акт жасоо жана коркутуу кылмыш болуп эсептелинерин, мындай ишке баргандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0