Фискалдаштырууну толук киргизүүгө көмүскө экономиканын эсебинен байыгандар каршы болууда. Муну ишке ашырсак биринчи этабында эле 50 пайызга, тактап айтканда, салыктан түшкөн каражат үч миллирд долларга чейин көбөйөт. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө120 миңден ашык бай үй-бүлө бар. Салык алардын кирешесинин көлөмүнө жараша салынуусу кажет.
"Бардык президенттер, премьер-министрлер коррупция менен күрөшө турганын айтат, бирок бирдиктүү салык декларациясын киргизүү мөөнөтүн артка жылдыра беришет. Кыргызстанда коррупциянын өзөгү эки жерде бар. Биринчиси — өлкөнүн мүлкү аныкталып, инвентаризация жасалбагандык. Бул коррупциянын эң чоң булактарынын бири болуп калууда. Экинчиси — декларациялык кампания. Колунда барлар байлыгын жакындарына жаздырып коюп, өзүндө эч нерсе жок болуп "жалаң маянага жашайм" деп чыгат. Айдаган автоунаасынын баасы 100 миң доллардан ашат. Ошондуктан бирдиктүү салык декларациясын кечеңдетпей киргизүү керек эле. Тилекке каршы, бул ирет да аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтпөй калды. Бул жерде саясий маселелер астыга чыгып жатат. Мыйзам боюнча, мүлк кимге катталса, ошонуку болуп эсептелет. Андыктан байлык ээлери болгон саясатчылар каттатып койгон жакыны мүлккө ээлик кылып алат деп кооптонушууда. Биз бул тартипке Ош жана Бишкекти, эки ири шаарды эле киргизип алсак, салык төгүү 50 пайызга чейин жогорулап, казынага жылына кошумча үч миллиард долларга жакын каражат түшүп турмак", — деди Жапаров.
Эл өкүлү мүлк кимге катталса дагы анын кожоюну муну декларацияда көрсөтүп, салыгын төгүшү керектигин кошумчалады.
Эске салсак, Экономика министрлиги Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык, мурда мыйзамда көрсөтүлгөндөй, жалпы кыргызстандыктар 2020-жылдан баштап бирдиктүү салык декларациясына өтүүсү керек болчу. Эми бул аракеттер 2021-жылдан тарта 2025-жыл аралыгында үч этапка бөлүнүп ишке ашат.