Поезд өтөр алдында жыйналчу чатырлар. Рельс үстүндөгү базардын видеосу

© AFP / CHRISTOPHE ARCHAMBAULT Бангкоктон бир саат аралыкта жайгашкан Меклонг базары. Архив
 Бангкоктон бир саат аралыкта жайгашкан Меклонг базары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Поезд Таиланддын базарын аралап, бир күндө нары-бери 8 жолу өтөт. Транспорт өтөр маалда соодагерлер болуп көрбөгөндөй шамдагайлык менен чатырларды жыйнай салышат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Социалдык желеде Таиланддагы "чогултма" базардын дрон менен тартылып алынган видеосу тарады.

​Аталган ролик 13-январда The Unexplainedдун Twitter-аккаунтунда чыккан. Анда сатуучулар рельстин үстүнө жайылган товарын жана чатырларын шаша-буша алып, поездге жол ачат. Транспорт өтүп кеткенден кийин кайра заматта ордуна жайышат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от K. Treetrong (@blowithand)

Белгилүү болгондой, видеодо Бангкоктон бир саат аралыкта жайгашкан Меклонг базары тартылган. Ал Самут Сонгкрам провинциясында жайгашкан. Жергиликтүү сатуучулар ал жакта жер-жемиш, жашылчаларды, деңиз азыктарын жана сувенирлерди сатышат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olguita - Olechka (@ladypetarda)

Поезд Таиланддын базарын аралап, нары-бери бир күндө 8 жолу өтөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Discover All The World (@discoveralltheworld)

Жергиликтүү эл жана туристтер башкы өзгөчөлүгүнө карай, бул жерди "чогултма" базар деп алышкан. Euronewsтун маалыматы боюнча, бул жерге 2 миллионго чейин турист келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0