Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оморов: ар кайсы кесиптин ээлери тасмаларды кыргызчага которуу үчүн чогулдук

© Sputnik / Асель СыдыковаТрактор тетиктерин чыгарган ишкананын инженери жана "5 studio" студиясынын үн коштоо режиссёру Улар Оморов
Трактор тетиктерин чыгарган ишкананын инженери жана 5 studio студиясынын үн коштоо режиссёру Улар Оморов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трактор тетиктерин чыгарган ишкананын инженери жана "5 studio" студиясынын үн коштоо режиссёру Улар Оморов тасмаларды кыргыз тилине кыргыз адабий тилин жайылтууга салым кошуу үчүн которо баштаганын айтты.
Оморов: ар кайсы кесиптин ээлери тасмаларды кыргызчага которуу үчүн чогулдук

Укмуштуудай профессионалдуу студиябыз деле жок, бирок болгон техниканы колдонуп жатабыз. Сапатын арттырууга убакыт керек. Себеби баштаганыбызга жарым жылдай эле болду. Бул тууралуу Улар Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үн коштоо студиясы "5 studio" деп аталып, команда беш адамдан турат, алардын арасында инженер, юрист, IT адиси, мобилдик компаниянын оператору жана эл аралык мамилелер кесибинин ээлери бар.

"Бизде кыргызча контенттин жетишсиздиги байкалат. Алсак, балдарыбыз тасма, мультфильмдерди жалаң орус, англис тилинде гана көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, ошого жараша балдардын тили башка тилде чыгат. Биз чет элдик тасма, мультфильмдерди кыргызчага которуу менен кыргыз адабий тилинин өнүгүүсүнө салым кошууну, жайылтууну көздөдүк. Учурда интернетте кыргызчаланган мындай тасмалар жок эмес. Бирок алар бир үндүү котормолонгон. Биз алгач "Кунг-фу панда" тасмасында үн коштодук. Бул мультфильм баарыбызга жагат. Достукка, биримдикке чакырган маани-маңызы жакшы чыгарма. Албетте, которуу бир топ убакытты алды. Биздин командада кыргыз тилин мыкты билген котормочу байкебиз да бар. Ал эми үн коштогондор командадагы бешөөбүз жана сырттан башка да адамдарды жардамга чакырабыз. Мурда КВНде ойногондуктан актердук чеберчилик боюнча чымындарыбыз бар. Андан тышкары, кыска метраждуу тасмаларды да котордук. Алсак, "Жылмайган адам", "Көпөлөктөр цирки", "Бул эмне?" , "Таранчы" жана "Джон Уик" тасмасынан үзүндү алып кыргызчаладык. Тасмаларды интернетке чыгарган сайын суроо-талап да өсө баштайт экен", — деди Оморов.

Ал алгачкы тасманы которууга баш-аягы үч ай убакыт кеткенин жана толугу менен дубляж жасашканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0