БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" калкты тейлөө борборлору жаңы жылдагы эс алуу күндөрү, тагыраагы, 1-7-январда кандай иштерин айтып беришти.
Компаниядан абоненттерди тейлөө боюнча бардык суроолор каралып, газ менен камсыздоодо маселе жаралбай тургандыгын билдиришти.
© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан""Газпром Кыргызстан" калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги
"Газпром Кыргызстан" калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги
© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан"
Майрамдагы эс алуу күндөрү Горький көчөсүндө жайгашкан борбору иштесе, дагы экөө 6-7-январда маселе менен кайрылган абоненттерди кабыл ала берет.
Эгерде кандайдыр бир суроо жаралса, 444 (мобилдик телефондон чалуу бекер) номерине чалып, сурап-билсе болот.