Кыргызстанда жыл сайын 17-18 миң киши пенсияга чыгат

© AFP / LOIC VENANCEКары адам. Архив
Кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгат. Учурда өлкө боюнча 670 миң пенсионер бар.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев 2020-жылы пенсиянын жалпы чыгымдары 52 миллиард 352 миллион сомду түзөрүн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 3 миллиард сомго көп экенин билдирди.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджети 260 млн. сомго кыскарды. Себеби
Жогорку Кеңеш жалпы жыйында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатышат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Ирсалиев ошондой эле учурда Кыргызстан боюнча 670 миң пенсионер бар экенин айтып, быйыл 2019-жылы 17 миң киши пенсияга чыкканын билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2020-жылы деле 17-18 миңдин тегерегинде киши пенсияга чыгат деген божомол бар экенин маалымдап, 2018, 2019-жылдары пенсияга чыккандардын саны көп болгонун кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0