Эки кошуна уруша кетишти. Жел аргынын жумшак илеби бара-бара албуут шамалга, андан соң бурганактуу бороонго, жылжып аккан булактар биригип отуруп буркан-шаркан түшкөн сүрдүү да, сырдуу да, айбаттуу да дайрага айлангандай, адегенде "сиз, биз" деп башталган кадыресе маек ушинтип уу чачышкан урушка айланды.
Маңдай-тескей туруп алышып үндөрүнүн болушунча кыйкырып, бири-бирине айтпасты айтып, дебести дешти. Ооздорунан ак ит кирип, кара ит чыгат тим эле. Кык казып курт издеген тооктордой экөө тең сөздөрдүн эң жагымсызын, ачуусун, ыпласын издеп таап, бири-биринин жүрөгүн сыздатып, көңүлдөрүн муздатып жатышты. Дилдерине чыла чачып, жан дүйнөлөрүнө баткак шыбашты.
— Болду, — деди бирөөсү, — доошуңду бас. Үнүң үн эмес эле чагылган түшкөндөгү мамакалдырактай ургулай баштады. Сени көрөйүн деген көзүм жок.
— Ии, сени көргөнгө эле зар болуп, чечекейим чеч, — деди экинчиси тим калбай. — Алдагы иттин аркасындай капкара ыраңы суук келбетиңди эки дүйнө көрбөй калсам бактылуу болбоймбу...
Сөздөр андан ары да бир топко чейин автоматтын огу мындай турсун, Курск салгылашуусундагы советтик катюшанын снаряддарындай алааматка айланып жаап жатты.
— Өлсөм жаназама келбе! — деди бири энтиге.
— Тирүүң итиркейимди келтирип жатат, өлүгүңдү көргүлүк кылбасын, — деди экинчиси демиге. — Сен мен үчүн мына азыртан баштап өлүксүң...
Иши кылып экөө тилдерин тыйбай, улам артына кылчая акылына келе калган бирдемелерди айтып айкыра, колдорун сермешкен абалда эки тарапка кетишти. Мына-мына алда кандай керемет болчудан бетер жардана карагандар, уурдана байкоо салып тургандар таркады. Алар менен кошо айылга бул окуя тууралуу кабар да жайылары турган кеп. Ошентип чыр аягына чыккансыды.
Экөөнү тирүү туруп өлгөндөй коштоштурган, жаназаларына келүүгө бири-бирине тыюу салдырган себеп кайсы болду экен? Бири экинчисинин кызын ала качтыбы? Же кылымдар бою жыйнаган байлыгын чачтыбы? Ушуга кызыккан бирөө окуянын чоо-жайын толук иликтеп, уруш эмнеден чыкканын билди да аң-таң болуп отуруп калды. "Ушуга ушунча болуштубу?" деп же капаланарын, же уяларын, же күлөрүн билбей эндиреп кыйла отурду.
Көрсө, уруш биринин тоогу экинчисинин короосуна кирип кеткенден башталыптыр...
— Салам алейкум, кошуна, кандайсыз?
— Ва алейкум салам. Жакшы. Өзүңүзчү?
— Күндө эле айтайын деп унутуп калам...
— Тынччылыкпы?
— Тоогуңуз короомо кирүүнү адат кылып алды.
— Ошол элеби? Кокуй күн, оюма он миң санаа келип кетти заматта...
— Ошол элеби дегениңиз кандай? Тоок сиздики болгондон кийин карашыңыз керек да...
— Макул, тоокко айтып коём экинчи кирбей жүр деп.
— Эмне дейсиң?
— Ошо деймин!
— Силердин тоогуңар, эмне, сүйлөйбү? Же сен корозсуңбу?
— Кыгыңы кызганып, куртуңу аяп тооктой какылыктап жатсаң, эми короз болуп сүйлөшүүгө туура келет да.
— Кайсы кык, кайсы куртту айтып жатасың?
— Тоок эмне корооңо кирип көмүп койгон алтыныңды издемек беле. Жесе кык менен курт терип жеп жүргөндүр. Ичти кичине кененирээк кылсаң, кошуна.
— Кык менен куртуң калбагандан меникине айдап жатасыңбы тоогуңду?
— Мен айдап жатыптырмынбы? Көрбөй туруп дөөрүй бербечи...