00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Как остеохондроз портит сон и что с этим делать
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Ырчылык менен юморду айкалыштырып эл көңүлүнөн түнөк тапкан Бектен Жакилов
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Весна на полях: хватит ли воды и чего ждать от нового сельхозсезона
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опасное наследство: как не унаследовать чужие кредиты
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Инсультту дарылоодогу жаңы ыкмалар: протоколдор эмнени өзгөрттү?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышынын мыйзамдуулугу каралып жатат

Жазылуу
Адвокаттын айтымында, Карыбек Дүйшеев мурда азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Андыктан мурдагы байланыштар чечим чыгарууга таасирин тийгизиши ыктымал.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Конституциялык палатанын Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынын алып салынышынын мыйзамдуулугу боюнча өтүп жаткан жыйынына палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев катышпашы керек. Мындай талапты Атамбаевдин тарапташтарынын жактоочусу Нурбек Токтакунов койду.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял Омбудсмена Токона Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы абактагы Алмазбек Атамбаевден кабар алды
Эске салсак, ушул тапта Конституциялык палатада Атамбаевдин экс-президент макамынын алып салынышынын мыйзамдуулугу боюнча жыйын өтүүдө.

Буга чейин Конституциялык палатага Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышына жол берген мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин бир нече депутаты жана КСДПнын өкүлдөрү кайрылган.

Учурда ишти 10 судья карап жатат. Тараптардын укуктарын түшүндүрүү учурунда Дүйшеев алардын кайсы бир сотту четтетүүгө өтүнүч кылууга укугу бар экенин айткан.

"Карыбек Дүйшеев мурда азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Андыктан, мурдагы байланыштар чечим чыгарууга таасирин тийгизиши ыктымал деп эсептейм", — деди Токтакунов.

Дүйшеев болсо Асылбек Жээнбеков менен жеке мамилеси жок экенин айтты.

Мындан улам соттор Дүйшеев боюнча өтүнүчтү аткаруу же аткарбоо маселесин кароо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.

Кол тийбестиктин алынышы

13-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал мурдагы президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал деген корутунду чыгарган. Парламент бул корутундуну 20-июнда колдоп, аны Башкы прокуратурага жолдогон. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алты иштин бешөөсү боюнча кылмыш козгоого негиз бар экенин билдирип, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. 

Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай чечимин Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтып, тергөөгө күбө катары баруудан баш тартып койгон.

Мындан улам 7-8-августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0