Тизгин жаяр
Этимологиясы
Ооз деген сөздүн этимологиясын иликтесек, байыркы түрк тилинде āgıŕ ("ооз") дегенден тарап жалпы түрк элдеринде, атап айтканда түркчө — aγïz, башкырча — ауыҙ, хакасча, шорчо, тувача — аас, түштүк-алтайча — оос, кыргызча — ооз, казакча — ауыз, карачай, балкарча — аууз, кумыкча — авуз, ногойчо, татарча — авыз, өзбекче — ogʻiz, азериче, крым-татарча, түркчө — ağız, гагаузча — aaz, түркмөнчө — agyz деп айтылат.
Ооздун маанилери
Ооз — кишинин сүйлөөчү, тамак ичүүчү маанилүү органы. Андан сырткары, ооз кире беришти да түшүндүрөт. Мисалы, үңкүрдүн оозу, капчыгайдын оозу деген сымал. Ошону менен катар кире бериш бөлмө — оозгу бөлмө, биринчи эшик — оозгу эшик, биринчи омуртка — ооз омуртка деген сымал биринчи, алдыңкы дегенди да түшүндүрөт.
Ооздун түрлөрү
Оймок ооз — көлөмү кичине бирок эриндери кырлуу болуп турган ооз
Жалаяк ооз — калбайган эриндери да калың ооз
Калбыйган эриндүү ооз — эриндери өтө калың ооз
Жука эриндүү ооз — эриндери ичке келген ооз
Оозго карай сын
Чоң эриндери калбыйган ооздуу кишини эр мүнөздүү деп санашкан.
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрди калың, көзү чуңкур,
Эр мүнөзү көрүнөт, – деген сыпаттама эрлердин эри, баатырлардын баатыры, кандардын каны Манас атага карата айтылган. Эриндери түйрүлүп турган ооздуу кишини ачуулуу, ичи тар деп сыпатташкан. Ал эми эриндери жука болсо сөз көтөрө албаган, кыялы чукул деп билишкен.
Киши менен сүйлөшүп жатып анын ички оюн оозунун кыймылынан билип коюшкан. Оозун кымтып турса, бирдеме жашырып жатат, оозун ачып алса, маңыроо чалыш деп, оозун бек кымтып алса, ачууланып жатканын билип, оозун түйрүп алса, жактырбай жатат деп ой жорушкан.
Оозго байланыштуу айтымдар
Адеп жарык дүйнөгө келген баласын "ооз ачып өпкөнүм" деп кастарлап, сары май менен оозанткан. "Ооз-кесир сүйлөбө" деп бала-чакасын жамандыктан саксактап, жакшылык-жамандыкта алыс-жакынына бир ооз кабарлап коюу, айтып коюу милдет саналган. Жакшы кабар айтылганда "оозуңа май" деп кошо сүйүнгөн. Ишмердиги оозунда болгон акындарын, манасчыларын, дастанчыларын, чечендерин барктап, оозундагы кебине маашырланып жашаган. Бардар болсо да, бактысы толук болсо да жар салып, оозун толтуруп сүйлөгөн эмес. Өзүн көтөрө чалып ашыкча мактанып ооз көптүргөндөрдү жеңил-желпи, насили пас киши тура дешкен. Бирөөнү басынтып, ашкере кордогонду "оозуңа карап сүйлө" деп тыйган. "Беш кол тең эмес" дегендей, эл арасында айлакер адамдар айыбын жабыш үчүн ооз басырык бергенин угуп жүрөбүз. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан, киши менен урушуп тургусу келген адамдар да жок эмес. Жалаң жаманды гана сүйлөгөн ириген ооздуулар, чириген сөздүүлөр да кездешет. Андайларды "оозуңа таш" деп кагып салышкандар да бар. Сөгүнүп сүйлөгөн бок ооздор четтен чыгат. "Кой аксагы менен миң" дегендей, мындай адамдар да коомчулукта биз менен аралаша жашайт. Көрүнгөнгө чымчып сүйлөп тийишип турган кер ооздуулар да жок эмес. Ошону менен катар оозун ачса жүрөгү көрүнгөн ак жүрөк, ак дил кишилер да арбын. Оозунан жалаң жакшы кеп, жакшы тилек чыккан бал ооздуу кишилер ар качан өмүргө өбөлгө боло келген.
Тизгин жыяр
Оозду башкара албаганыбыздан сөздүн баркы кетти өңдөнөт. Ооздон чыккан сөз аткарыла турган, боло турган сөз эмес, абада калкыган жел сөз, болбой турган жөө сөзгө айланып калды. Ошондуктан эл башчыларынан тартып караламан калк арасында деле оозуна алы жетпегендер көбөйдү.
Демек, ооздун негизги бир милдети — бышып аныгына жеткен гана сөздү айтуу. Келе турган жакшылыкка айта берип жол ачуу, жакшылыкты чакыруу.