Аптыгып чуркап барып, толкунданып, ыйлап, кубанычтын көз жашы ыргып...
Ата-баладай болуп калган спортчу менен машыктыруучусунун тарткан түйшүгү, төккөн тери, кылган мээнети сырттан карап тургандарга сезилбегени менен өздөрүнө гана маалым.
Айсулуу жеңишти кара тери, өжөрлүгү менен акыркы 20 секундада атаандашы дүйнө чемпиону болгариялык Тайбе Юсейнден тартып алды. 3:3 эсеби көптөрдүн демин ичине тарттырып, экрандан, килемден көз айырттырбай турду. Акыры атаандаштын далысы жерге да тийди, ошол ирмемде жеңиштин тагдырын өлчөп тургансып таймаштын акыркы коңгуроосу да кагылды.
Айсулуу Тыныбекова түйшүктүү ашуу болгон Олимпиадага сапар алып, дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.
Атаандашын жыккан Айсулуу тура жөнөп, машыктыруучу менен кубанычын, толкундоосун күйүгүп, аптыгып (балким, көз жашы да агып кеткендир) бөлүшүп, кучактап, чап секирди. Алар эмес, бери жакта экрандан тиктеп тургандардын да чолок жашы ыргып кетсе керек.
Айтор, Айсулуу өзү айтмакчы, алардын он жыл күткөн үмүтү орундалды.
"Буга машыктыруучум менен он жыл бою аракет кылдык. Мына ошол күнгө да жеттик!" — деген ал.
Социалдык тармак бул жеңиште Тыныбекованы Тыныбекова кылган машыктыруучуну да ардактап, сыйлоону унутпаш керектигин жазып жатышты.
Бул сүрөткө жазылчу текст ушундай. Саяпкери жарашса тулпарга туяк жетилет демекчи, бул Изабековдун эмгегинин акыбети.