Бишкекте август айында болгон башаламандык. Шектүүнүн бири кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүСторонники А. Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо в Бишкеке
Сторонники А. Атамбаева перекрыли площадь Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-августка караган түнү топтошкон уландар ИИМдин машинасына таш ыргытып, "Коопсуз шаардын" камераларын талкалаган. Анын кесепетинен 3 миллион сомдук зыян келтирилген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кой-Таш айылында жүргөн операциядан кийин, 9-августка караган түнү бейбаштык кылган деген шек менен бир киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады. 

© Фото / Пресс-служба ГУВД города БишкекКой-Таш айылында жүргөн операциядан кийин, 9-августка караган түнү бейбаштык кылган деген шек менен бир киши кармалды
Бишкекте август айында болгон башаламандык. Шектүүнүн бири кармалды - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш айылында жүргөн операциядан кийин, 9-августка караган түнү бейбаштык кылган деген шек менен бир киши кармалды

Шаардык милиция топ балдардын аракеттери тартылып калган видеону Facebook баракчасына жарыялады. 

Тартип сакчылары кабарлашкандай, ал түнү жигиттердин тобу Токомбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен коомдук тартипти одоно бузушкан.

"Жолду тосуп, өтүп жаткан машиналарды карап, айдоочуларды коркутуп, жүргүнчүлөрдү сабайбыз деп атырылган. ИИМдин бир нече автоунаасын жабыркатып, "Коопсуз шаардын" камералары талкаланган. Жыйынтыгында 3 миллион сомдук зыян келген. Топтошкон балдар изин жашырып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

"Шектүү катары 1993-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалды. Ал Октябрь РИИБине алып келинип, ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери калган шектүүлөрдү издеп табуу аракеттерин көрүп жатат.

Кой-Таш окуясы

Присяга новых членов Правительства в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
УКМК жетекчиси мамкомиссияга Кой-Таш окуясы боюнча купуя документтерди көрсөттү
7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, ал ишке ашпай, атайын даярдыктагы бир аскер каза болгон. 8-августта кечке маал укук коргоо органдары Атамбаевдин үйүнө күч менен кирип, мурдагы президент багынып берген.

Эки күндө болгон окуялардан 136 киши ар кандай жаракат алышкан. Кийин Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын бир нече жактоочусу кармалган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0