00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
8 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
10:09
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Онлайн олимпиадалык резерв: «Тунгуч» мектеби негизиндеги жаңы даярдоо модели кантип иштейт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Прощай, Pornhub: как в Кыргызстане начали официально блокировать порносайты
12:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Меняющие мир
Почему детям скучно в школе и может ли образование измениться
14:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жүрөк оорулары улгайгандарда эмес жаштарда көп кездешип жатат
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдө жоголуп кеткен Асрандиев аны издөөгө кеткен чыгымды төлөп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления РКФР Эркин Асрандиев
Председатель правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине эки теплоход, бир катер, ӨКМдин 17 куткаруучусу жана суучулдар тартылган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев аны издөөгө кеткен чыгымдын ордун толтуруп берди. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат катчысы Бегимай Азимжанова Facebook баракчасына жазды. 

Белгилей кетсек, Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүдө жоголуп кеткен. Чырпыкты айылынан чыккан Асрандиевди моторлуу кайык коштоп жүргөнү айтылган. Саат кечки 6ларда аба ырайы бузулуп, бороон-чапкын башталып, Тору-Айгыр (күңгөй бети) менен Кара-Талаа (тескей бети) айылдарынын ортосунан аны таппай калышкан. Асрандиевди издөөгө эки теплоход, бир катер жана ӨКМдин 17 куткаруучусу тартылган. Саат 00.20ларда Асрандиев аркы өйүзгө сүзүп чыгып, эки сааттан кийин куткаруучуларга жолуккан. Sputnik кабарчысы менен сүйлөшүп жатып, окуянын чоо-жайын айтып берген. 

Азимжанованын айтымында, Асрандиев "Салам КG" коомдук фондусу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясына катышып, сүзгөн. Натыйжада Чолпон-Ата шаарынын ооруканасына тез жардам унаасы белекке берилген.

"Издөө иштерине кеткен чыгымдын орду толтурулду. Андан тышкары, издөөгө сарпталган күйүүчү майдын — Мамлекеттик резиденцияга 400 литринин жана жергиликтүү бийликке 600 литринин акчасын төлөп берди. ӨКМ каражаттан баш тартты, Эркин Шамшудинович аларга суучулдун жабдууларын белек кылмай болду", — деп жазды ал.

Окуя болгон күндүн эртеси фонддун жетекчиси Facebook баракчасына билдирүү жазып, элди бушайманга салганы үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатканын айткан. 

Белгилей кетсек, Асрандиев 35 чакырымга сүздү. Бул өзү пландаштыргандан 10 чакырымга узак болду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0