05:37 16 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5529
  • EUR102.5669
  • RUB1.1771
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев жоголду (12)
195501

Ал Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп бараткан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөн сүзүп өтүп бараткан Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев жоголду. Бул тууралуу анын тууганы Гүлбара Барктабасова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Асрандиев Тору-Айгырдан Кара-Талааны көздөй сүзүп бараткан.

"Саат 18:00дөр чамасында жоголду. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу. Эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышкан. Асрандиев буёкту байланып сүзүп бараткан", — деди ал.

Барктабасова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен байланыша албай жатканын кошумчалап, тез аранын ичинде табууга жардам сурады.

Ал эми Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Тема:
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиев жоголду (12)

Тема боюнча

Чычкан дарыясына беш жашар бала чөгүп кетти
Белгилер:
Ысык-Көл, издөө, Эркин Асрандиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ