Күйөөмдүн жылуу сөзүн сагынып жүрөм... Жалгызсыраган келиндин каты

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosОтношения в КР
Отношения в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жолдошу көңүл кош мамиле жасап жаткан келиндин каты жарыяланды.

Күйөөм экөөбүздүн мамилебиз күндөн-күнгө муздагандан муздап баратат. Үйдөгү бул көрүнүш мени акыркы күндөрү тынчсыздандырчу болду. Чогуу жашаганыбыз менен чоочун адамдардайбыз. Мурдагыдай көп сүйлөшпөйбүз, жумуштан келип уктап, кайра туруп кетебиз. Буга чейин мамилебиз башкача эле. Башкалар менен каткырып-күлүп жакшы эле сүйлөшүп жатканын көрөм.

Бала кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы жолдошумду же күтөрүмдү, же кетеримди билбейм... Келиндин каты
Баш кошконубузга 10 жылга чукулдады. Ортодо эки эркек балабыз бар. Улуусу мектепке барат. Күйөөм курулуш тармагында иштейт, мен болсо калаадагы кафелердин биринде ашпозчумун. Сүйлөшүп, сүйүшүп эле үйлөнгөнбүз. Бирок акыркы бир жылдан бери такыр эле өзгөрдү. Ичинде эмне болуп жатканын ачык айтпайт. Кечинде төшөктө дагы көңүлү жок. Бир нерсе айтсаң сөз көтөрө албай, кагынып-силкинет. Элдин көзүнчө деле мени теңине албагансып, сиркеси суу көтөрбөй калды. Кырс болуп, өзгөрүп баратканын айтсам кайра уруш чыгат, ошол себептен унчукпайм. Үйдө жалгыз кыз болгондуктан, сырымды бөлүшөөр эже-сиңдим жок, аяштарга деле айта албайт экенсиң. Ошол себептен психологго кат жазып көрүүнү туура көрдүм. Балким, меникиндей кырдаалга туш болгон кыз-келиндер деле бардыр.

Азыркы тапта күйөөм экөөбүздү балдар эле бириктирип жүргөндөй. Алар жок болсо башка адамдардайбыз. Анын жылуу мамилесин, жакшы сөзүн сагындым...

Кандай кылсам жолдошум менен мамилем жакшырат, аны өзүмө канткенде көңүл бурдура алам? Балдарымды таштап эч кайда деле кетким келбейт. Экөөбүздүн мамилебизде жылуулук болушун каалайм. Ал үчүн эмне кылышым керек?

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

— Үй-бүлө — өзүнчө бир татаал механизм. Ал күн сайын курула турчу нерсе. Кургандан кийин бир калыпта тура берчү там эмес. Ал өмүр бою жаңыланып, өзгөрүп турат. Үй-бүлөдө бактылуу жашоону орнотууга аял эле эмес, эркек да, уул-кызы да, айтор, бардык бүлө мүчөлөрү аракет кылышы керек. Баары эле сүйлөшүп, сүйүшүп баш кошконбуз дешет, бирок тээ илгери курулган мамиле бир калыпта тура бербейт да. Аны дагы карап, багып, кам көрүү зарыл. Жубайлардын ортосунда ажырым пайда болушуна көп нерсе себеп болушу ыктымал. Алардын бири — экөөнүн кызыкчылыктары, пландарынын эки башка болушу. Мисалы, экөө тең иштеп жатыптыр, бирок акча сарптоого келгенде эки башка планды айтышат. Ошондой нерселерден эле пикир келишпестик жаралат. Анан ар ким өзүнө жаккандай убакыт өткөрө баштайт. Өзү менен өзү болуп жүрүп кийин билинбей алыстап кетишет.

Диванда жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келиниме "көңүлдөш таап ал" деп айтып, эми кайра кыжалатмын. Аялдын каты
Мындан сырткары, экөө бири-бири менен кеңешпесе, баарлашпаса, сүйлөшпөсө да мамиле сууйт. Үй салып, тамак таап, бала багыш керек деген сыяктуу көпчүлүк жубайлардын көйгөйү окшош болот. Бирок анын баарын жалгыздап жасай албайт. Аны чогуу ишке ашыруу керек.

Келинге кеңешим, окуяңыз толук ачылып айтылган эмес. Ошондуктан психологго барып, бетме-бет отуруп, болгонун төкпөй-чачпай айтып бериңиз. Бир эле барып койбостон психолог менен иштешүү керек. Анткени бул бир кеңеш менен эле чечилип калчу маселе эмес. Күйөөңүзгө абалды түшүндүрүп, аны да адиске барганга көндүрүп көрүңүз. Эгер үй-бүлөсүн сактап калууну ал дагы ойлосо баш тартпастыр. Бирөөнү таап алдыбы деген жаман ойдон алыс болуңуз. Балким, анын жүрөгүн өйүгөн башка маселе бардыр. Үй-бүлө багуу жоопкерчилиги эркектин мойнунда болгондуктан, кээде жумушу жакшы жүрбөй стресс болушу ыктымал. Ошондой кырдаалда ал сизден жылуулук күтөт. Анын түпөйүл болгон көңүлүн сиз гана жаза алышыңыз мүмкүн. Балким, аялы катары андан башка нерсе талап кылып жаткандырсыз. Айтор, суроо көп. Түгөйүңүз менен баарлашып, көбүрөөк сүйлөшүп, себебин суроого аракет кылыңыз. Аяш, курбу, тууган дегендерден кеңеш алуунун кажети жок. Ар кимдин мамилеси ар кандай болот, андыктан экөөңөр тең адистен кеңеш алууга аракет кылып көргүлө. Бул маселе жашоодогу эң чоң көйгөй эмес. Андан жаман кырдаалга кабылгандар бар. Абалды жакшыртууга аракет кылбай жүрө берсеңер, убакыт өтүп мамилеңер муздагандан муздай берет.

Андыктан психологго барып, баарын жаңы барактан баштоого аракет кылгыла!

Жаңылыктар түрмөгү
0