Видео министр бараткан борттун ичинен тартылган. Андан 12-26 номерлүү F-18 истребители самолеттун жанына өтө жакын келүүгө аракет кылганын көрүүгө болот.
Бир нече секундадан кийин НАТОнун истребители багытын өзгөртүп алыстап кеткен. Видеодон Россиянын Су-27 учагы истребителди ары көздөй кууп жиберип, Шойгунун самолетунун канатынын асты менен учуп баратканы көрүнгөн.
Окуя 13-августта Балтика деңизинин нейтралдуу абасында болгон. Шойгу Калининграддан Москвага кайтып келе жаткан, анын аба кемесин эки Су-27 учагы коштоп баратканы айтылды.